Шаардык кеңештердин тизмеси > Токтогул шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын урааны:

«Баарыбыз бирге – кызматыбыз элге»

 

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын

Токтогул райондук филиалынын программасы

 

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын Токтогул райондук филиалы Токтогул шаарынын өнүгүүсү жана  андагы жашоочулардын жашоосун жакшыртуу максатында негизги үч багытта иш алып барат:

  1. Инфраструктураны жакшыртуу
  2. Туризмди өнүктүрүү
  3. Ишкерликти колдоо

Андан сырткары “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынын Токтогул райондук филиалынын бардык мүчөлөрү төмөндөгү иштердин аткарылышын камсыздайт:

  • Шаардын коопсуздугун камсыз кылуу (кылмыштуулукту, жол кырсыктарынын санын азайтуу, экологиялык абалды жакшыртуу);
  • Шаардык ызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана чыгымдарды оптималдаштыруу;
  • Шаардагы мектептерде билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү менен ишмердүүлүгүн жакшыртуу;
  • Маданиятка өзгөчө көңүл буруу, аймакта маданий иш чаралардын тийиштүү деңгээлде өтүүсүнө өбөлгө түзүү;
  • Инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү (таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, таштанды таштоочу полигондордун иреттүүлүгүн камсыздоо;
  • Спорттун өнүгүшүн колдоо жана спорттук мекмелердин калктын бардык катмарларына жеткиликтүүлүгү үчун шарттарды түзүү. Критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүргөн интеллектуалдык спортту ж.б. түрлөрүн өнүктүрүү;
  • Токтогул шаарында чакан жана орто бизнести, аялдардын ишкердигин ошондой эле жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү. Көп кабаттуу турак жайларды куруунун механизмин карап чыгып, ишке ашыруу;
  • 20026-жылга Токтогул шаары жаңы, чыгармачыл архитектуралык жана экологиялык таза чечимдерди колдонуу менен, өлкөдө эң жашыл шаар болуп, ишкер жана заманбап шаарга айландырууга болгон күч-аракетти жумшоо.