«Бирге-Вместе» Токтогул шаарындагы бөлүмүнүн программасы:

 

  1. Чыныгы коопсуз шаарды уюштуруу (кылмыштуулуктун деңгээлин, жол кырсыктарнын санын азайтуу,экологиялык абалды жакшыртуу)

 

  1. Шаардын кызмат көрстүүлөрдүн натыйжалуулугун жана муниципиалдык менчиктисарамжалдуу пайдалануунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жаначыгымдарды оптималдаштыруу.

 

  1. Мектептердин билим берүү деңгээлин көтөрүү менен ишин жакшыртуу. Маданий иш-чаралардын олуттуу өсүшү.

 

  1. Инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү (таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды,шаардын карамагындагы кичи райондордогу жолдорду жана канализация тутумдарын куруу, үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу).

 

  1. Спорттун өнүгүшү жана калктын бардык катмарларына анын жеткиликтүүлүгү үчүн шартарды түзүү. Критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүргөн интеллектууалдык спорту ж.б. түрлөрүн өнүктүрүү.

 

  1. Токтогул шаарыбызда чакан жана орто бизнести, аялдардын ишкердигин ошондой эле жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү. Көп кабаттуу турак жайкурулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгып, ишке ашыруу. Инвестиция тартуу жолуна шарт түзүү менен калкты жумуш орду менен камсыз кылуу механизмдерин иш жүзүнө ашыруу.

 

  1. 2025-жылга Токтогул шаары жаңы, чыгармачыл архитектуралык жана экологиялык таза чечимдерди колдонуу менен, өлкөдө эң жашыл шаар болуп, ишкер жана заманбап шаарга айланат.

 

  1. -Инфраструктраны өнүктүрүү;

-Туризмди өнүктүрүү;

-Ишкерликти колдоо.