“ЫНТЫМАК”

саясий партиясынын Токтогул шаардык кеңешине

шайлоо алдындагы программасы

 

  • Токтогул шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарын демилгелеп көтөрүү
  • Токтогул шаарынын казынасын көбөйтүү максатында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ишканаларды түзүү
  • Чет элдик жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу
  • Токтогул шаарындагы кылмыштуулукту жоюу, жол коопсуздук эрежелерин бузууну азайтуу, коомдук жайларда таштандыларды жок кылуу максатында,элдүү пункттарда, көчөлөрдө жана кайчылаш көчөлөрдө көзөмөл видео орнотуу
  • Ташталуучу турмуш тиричилик таштандыларды сорттоп бөлүп таштоо, боюнча шаар тургундары менен түздөн-түз түшундүрүү иштерин алып баруу. Бул төмөндөгүдөй натыйжаларды берет:
  • - чоң көлөмдөгү таштанды жайларын азайтууга;
  • көчөлөрдүн жана коомдук жайлардын тазалыгы;
  • таштандыны кайрадан иштетүүчү ишканаларын түзүүгө көмөктөшүүсунө.
  • Токтогул шаарындагы Ак-Жон жаңы конушуна балдар үчүн жалпы билим берүү мектебин курууга көмөктөшүү
  • Жаш үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын иш менен камсыздоодо кесиптиктик окуу жайларга окутууга жардам берүү
  • Токтогул шаарынын тургундарынын ден-соолугун чыңдоо максатында, жаштардын эс алуу убакыттарын спорт менен машыгууга үндөө үчүн балдардын спорттук борбор аянтчаларын куруу маселелерин көтөрүү
  • Токтогул шаарындагы оорукана бөлүмдөрүн, мектептерди жана шаар тургундарына кызмат кылган социалдык обьектилерди оңдоп түзөөгө жана жаңы технологиялык-шаймандар менен камсыз кылууга көмөктөшүү
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон шаар тургундарына, тегиз бирдей мамлекеттик жана социалдык жардам берилишине, туура көзөмөл мониторинг жүргүзүү
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген шаар жарандарынын коомдук жайларда шарт түзүп берүү боюнча, суроо талаптарын шаардык деңгээлде канааттандырып берүү
  • Токтогул шаарынын электр кубаттуулугу жетишпеген жаңы конуштарда жана микрорайондордо жаңы электр шаймандарын орнотуу
  • Токтогул шаарынын коомдук жайларын жана айлана чөйрөнү декоративдик бак-дарактар менен жашылдандырууну демилгелөө
  • Токтогул шаарынын көрүнүктүү көчө-тротуарларын, коомдук жайларын, эс алуу бактарын декоративдик ар түрлүү эс алуу отургучтар, түнкү жарык чырактар жана жашыл сквер аянтчалар менен көрктөндүрүү
  • Шаардагы борбордук стадионду реконструкциялоону демилгелөө
  • Токтогул шаарынын административдик аймагын кеңейтүү
  • Токтогул шаарынын генералдык планын жаңы шаар үлгүдөгү талаптарга ылайык иштеп чыгуу
  • Шаар тургундарын активдүү жашоого үндөө менен ден соолукта жашоонун шарттарына чакыруу максатында массалык спорт иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү

Ынтымак саясий партиясы шаардагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп эле койбостон аларды чечүү механизмдерин да сунуштап чечебиз. Жогоруда программада айтылган экономикалык, экологиялык жана социалдык көйгөйлүү маселелер Токтогул шаарынын тургундары менен бирге кеңешип чечилет. Ынтымак Саясий партиясынын кандидаттары шайлоочулардын алдында чоң жоопкерчилик алып шаарыбыздын өнүгүшүнө салым кошобуз.