«МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ»  саясий партиясынын

 Токтогул шаары үчүн шайлоо программасы

Эл жаңы үмүттөрдү жана пландарды жаңы шайлоо менен байланыштырат. Шайлоодо жарандар келечекти тандайт!

 

Ички саясат:

  • Биз, “Мекен ынтымагы” саясий партиясы, шаардын бардык саясий күчтөрүн жакшы жакка жана шаардын кызыкчылыгы үчүн өз идеяларыбызды жана ресурстарды инвестициялоо үчүн бириктирүү.
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде шаардык бюджетке жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.

 

Шаардын бюджети:

  • "Мекен ынтымагы" саясий партиясы муниципалдык башкаруунун жана бюджеттик саясаттын натыйжалуу ыкмаларын жайылтууга багытталган.
  • Шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн сапаттуу аткарылышы үчүн жыл сайын көз карандысыз аудит жүргүзүлөт.
  • Жашыруун ресурстарды ачыка чыгаруу, алардын кошулушу жергиликтүү бюджеттин көбөйүшүнө жардам берет.
  • Бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө зарыл болгон артыкчылыктуу багыттарды кайрадан карап чыгуу.

Экология:

  • Таза ичүүчү суу көйгөйүн чечүү. Акыркы жылдары Токтогул шаарынын айрым микроучастокторунда жана Таласбай, Акжон жаңы конуштарында ичүүчү суу менен камсыз кылууга бүт аракеттерди жумшоо.
  • Шаарга саркынды сууларды тазалоочу жайдын жана канализация тутумунун курулушун логикалык жыйынтыкка келтирүү.
  • Шаарыбызды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга өзгөчө көңүл коюу менен сейил бактарга, аллеяларга заманбап мейкиндиктерди түзүу.
  • Калкты тиричилик калдыктарын чыгаруу жана утилдештирүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу ичилик калдыктарын бөлүп чогултууну киргизүү.
  • Жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартуу. Таласбай, Акжон жаңы конуштарынын көчөлөрүнүн жолдорун оңдоо иштерин жүргүзүү.

 

Билимдүү ынтымак:

  • Мугалимдик кесиптин кадыр –баркын көтөрүүгө өзгөчө өбөлгө түзүү.
  • Мектептердин жана бала-бакчалардын материалдык базасын чыңдоодогу көйгөйлөрдү чечүү.
  • Билим берүүдө, спортто ийгилик жараткан окуучуларга стимул көрсөтүү.

 

Калкты социалдык жактан коргоо:

  • Шаардык бюджеттен каражаттарды кароо жана бөлүү, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана майыптарга өзгөчө көңүл буруу.

Кадр саясаты:

  • Шаарды башкарууга жаш, келечектүү, чыгармачыл жана чечкиндүү адистерди тартуу. Муниципалдык кызматка кабыл алууда "тууганчылык" принциптерин жоюу.

 

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жагымдуулугуна жана адистердин карьералык өсүшүнө кепилдик берген кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.