Аматов Абдикарим Мавлянович

Фамилиясы: Аматов

Аты: Абдикарим

Атасынын аты: Мавлянович

Талапкердин кыскача өмүр баяны: Аматов Абдикарим Мавлянович 1959-жылдын 11-октярь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылында туулганмын. 1966-жылы №74 «Шеркулов» орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 1976-жылы аталган мектепти 10-классын ийгиликтүү аяктадым. 1976-жылы Фрунзедеги Политехнический Инстутуна тапшырып 1981-ж Инженер технолог адистиги боюнча диплом менен окууну аяктадым. 1983-жылдан ЖБИ-4 мастер болуп иштеп баштаганмын.  Азыркы убакта ЖБИ-4 ААК коомунун башкы директорумун. Жылкелди айылынын жаштары менен биргеликте иш-чараларга активдүү катышып келем. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, Үй-бүлөлүүмүн учурда жубайым менен 4 кыз 1 уулду тарбиялап, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Мен жана менин бир туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган эмес, үчүнчү жак катары сот отурумдарына катышканы жок.