Бектуров Руслан Кыдыкович

1.Саясий багыт: Саясатта ыймандуу жана адилеттүү болгум келет. Чынчыл,адилеттүү,элдин кызыкчылыгын коргогон партиялар менен иш алып барам деп ишенем.

  1. Экономикалык багыт:Айылдык бюджетти так жана натыйжалуу бөлүнүшүн көзөмөлдөйм.

3.Социалдык багыт: Жарандар менен тыгыз байланышта болуп,эл менен бирге иш алып баруу. Эл менен болгон байланышта жөнөкөй жана ийкемдүү болуу. Биримдиктүү мамиле жасоо. Кылган депутаттык иштерим тууралуу элиме отчет берип турам.

4.Экологиялык багыт: Элибизге тиешелүү жер-суу, тоо-таш, кен байлыктарыбызды талап-тоноодон сактап калуу.

5.Башка багыттар: Элибизди ыймандуулукка чакыруу менен өз элин-жерин талап тонобогон, ичип-жебеген, чынчыл, ниеттери таза, чыныгы патриот жаштарды коомго алып келүү. Башталып аягына чыкпай калган кээ бир проектилерди аягына чыгарууга көмөк көргөзөм.