Балкыбеков Асан Мелисович

Менин шайлоо алдындагы программам беш бөлүктөн турат:

  • Эл аралык проекттер жана донорлор менен иш алып баруу.
  • Кажы-Сайды өнүктүрүүгө инвестиция тартуу.
  • Жаӊы жумушчу орундарды ачуу.
  • Экотуризмди өнүктүрүү.
  • Мектеп гимназиянын билим деӊгээлин көтөрүү.

Мен өзүмдүн командам менен долбоорлорду түзүп, ишке ашыруу боюнча иш алып барууну улантам. Өзүмдүн эл аралык донорлор менен иштөөдө топтолгон тажрыйбамды колдонуп бир нече социалдык проектилерди өткөрүүнү пландаганбыз. Андан сырткары дотациядан чыгуу үчүн инвестиция тартуу боюнча иш алып баруудабыз. Жаӊы жумушчу орундарды түзүү жана ички миграцияны азайтуу үчүн инвесторлорду тартуу биздин алдыга койгон максатыбыз. Ошондой эле экотуризмди өнүктүрүү бул бюджетти толтуруунун бир булагы деп эсептейбиз. А.С. Пушкин атындагы мектеп-гимназиянын билим деӊгээлин жогорулатуу үчүн Билим берүү министрлигинин инновациялык долбоорлору менен иштөөнү колго алабыз.