Тагаев Максат Төлөмүшович
Программасы
- Шайлоочулар менен ар дайым тыкыз байланышта болуп иш алып барам;
- Шайлоочуларыма айылдык кенештин иши тууралуу ар дайым маалымат берип турам;
- Айыл аймагында сугат жерлердин ирригациялык иштерин жакшыртуу жана каналдарды ондоп-түзөө иштерине айылдык кеңештин бюджетинен акча каражатын болдурууго аракет кылам.
- Жайыттардын пайдаланышын жонго салып жер кыртышынын асылдандырууга шарт түзүү.
- Айыл тургундарынын жумушсуздугун жоюу максатында инвестиция тартып же болбосо проекти жазып чакан ишкана курулушуна көмөк көргөзүү. Айылдын жаштарын айылга алып калуу максатында.
Мисалы: Кичи тигүү чехин, ширетүүчү цех, пельмен түйүү цехи ж.б ушул сыяктууларды.
- Дени сак, таза коом аталышындагы жаш улан-кыздарды спортко тартуу жана ар кайсы спорттун түрлөрү боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүп турууга болгон күч аракетимди жумшайм.
- Маданий иш-чараларын дагы колдоп уюштуруу иштерине активдуу катышуу.
- Айыл элинин менчик малын ветеринардык дарылоо иштерин уюштуруу менен катар, майда жандыктарга кошумча кубка салуу, жасалма уруктандырууну кенири таратканга жардам көрсөтүп асыл-тукум малдын санын өстүрүүнү колдоо.
(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)