Абдыкадырова Айжамал Эсенгелдиевна

Депутаттык программасы:

- айылдын экономикалык-социалдык инфракструктурасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу жана көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү.

- Билим сапатты көтөрүү максатында окуу борборлор жана эл аралык долбоорлор менен иш алып баруу.

- Айылыбыздагы ар бир жашоочунун арыз жана кайрылуу, сунуштарын мамлекеттик мекемелерге жеткирүү жана чечүүгө көмөктөшүү.

- Айылыбызга мамлекеттик бюджет тарабынан бөлүнгөн проектилерди, акчаларды, жардамдарды комиссия түзүп, элдик көзөмөл (НАРОДНЫЙ КОНТРОЛЬ) жүргүзүү.

- Шайлоочулардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын айыл өкмөттө коргоо жана айылдык кеңеште шайлоочулардын маселелерин көтөрүү, айылдык кеңештин деңгээлиндеги туура чечимдерди жана ​укуктук актыларды чыгаруу;

- Айылыбызды өнүктүрөм деген жашоочулар менен биргеликте, экономикалык бизнес форумдарды өткөрүү.

- Ысырапкерчиликтин алдын-алуу максатында жашоочулар менен биргеликте иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

- Жашоочулар менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда ишенимдүү мамилени түзүүгө көмөктөшүү.