Пайзилиев Мирбек Эргашович

Депутаттык программасы:

Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!

Отуз-Адыр айыл аймагы боюнча өсүп келе жаткан жаш муундардын билимге болгон умтулуусуна көңүл буруу жана алардын сапаттуу билим алышына жардам берүү. Андан сырткары өзүм туулуп өскөн айылдын дыйкан фермерлерине туура кеңеш берүү, башкача айтканда талаачылыкта сапаттуу үрөн эгип мол түшүм алуу жана малдарды асыл тукумдаштыруу, ошондой эле сугат сууга жана ичүүчү сууга болгон көйгөйдү чечкенге көңүл бөлүү. Ошону менен бирге айылдын жаштарын спорт менен машыгууга чакыруу жана коомдук иштерге активдүү катышуу. Отуз-Адыр айыл аймагындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдон келишинче жардам берүү.