Жайнаков Азирет Адахамжанович

Депутаттык программасы:

Максатым айылдын экономикалык-социалдык инфракстуктурасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу жана көйгөлүү маселелерди чечүгө жардам берүү.

    1. Айылыбыздагы ар бир жашоочунун арыз жана кайрылуу, сунуштарын мамлекеттик мекемелерге жеткирүү жана чечүүгө көмөктөшүү.
    2. Айылыбыздагы ысырапкерчиликтин алдын алуу максатында жашооочулар менен биргеликте иш алып баруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
    3. Айылыбызда жаштарга көңүл буруу, жана спорттук иш-чараларды жылына эки жолу өткөрүп туруу, жаштарды колдоо.
    4. Айылыбыздагы жолдорду, жана адам басуучу кичи жолдорду көзөмөлгө алып чечүү.
    5. Айылыбызга электр энергияны үзгүлтүксүз берүү жана кандайдыр маселе болсо чечип берүү.
    6. Мамлекеттик бюджет тарабынан бөлүнгөн проектилерди, акчаларды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардамдарды комиссия түзүп, элдик көзөмөлгө алуу.
    7. Айылыбызды өнүктүрөм деген жашоочулар менен биргеликте, экономикалык бизнес форумдарды өткөрүү.
    8. Айыл ичиндеги таштандыларды алып чыгууга жана иш аракеттерге катышуу.
    9. Жаш үй- бүлөлөргө айыл тургундарына үй салуу үчүн жер участкаларын бөлүүнү туура жана калыс болуусун көзөмөлдөө.
    10. Эл арасындагы көйгөлүү маселелерди, элдин үнүн бийлик бутактарына жеткирүү.
  •