Момункулов Эмил Базаркулович

Депутаттык программасы:

  1. Энергетикалык кубаттуулукту генерациялоо жана энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны баштоо өкмөттүн артыкчылыктуу жана кечиктирилгис милдеттеринен болушу керек
  2. Мамлекеттин ички азык-түлүк коопсуздук маселеси жана биздин айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн премиум сапаттагы продукцияларын эл аралык соода базарына алып чыгуу мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын агрардык секторунун негизги өнүгүү багыты болот. Бул региондордогу жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүү, улуттук кирешени көбөйтүүнүн кошумча булагына айланат
  3. Ѳкмѳт жеңил ѳнѳр жайын колдоого жана андан ары ѳнүктүрүүгѳ активдүү киришет. Тигүү продукцияларын ѳндүргѳн улуттук ишканалар айлантуу акча каражаттар булагына муктаж. Ѳзүбүздүн улуттук ишканаларды колдоо жана эл аралык базарларга чыгуу мүмкүнчүлүктѳрүн жогорулатуу максатында атайын каржы фонддору негизделет.