Момунова Чынара Токоновна

Депутатык программасы:

  1. Петропавловка айылына жаңы бала бакчанын имаратын куруу, балдар үчүн бардык заманбап шарттары менен. Азыркы учурда айылда бала бакча жок. Билимдин жана тарбиянын булагы – бала бакчадан башталат!
  2. Мектептин жылытуу системасын которуу. Анткени эскилиги жетип, кыш мезгилинде катуу суукта талапка ылайык жылытылбайт. Мектепке жана бала бакчага жаш мугалим, тарбиячыларды даярдоо. Айыл өкмөтү менен келишим түзүп, студенттин окуусун каржылоо. Мектепте билим сапатын жогорулатуу! Билимдүү балдар – жарык келечек!
  3. Сүйүктүү айылыбыздын бардык көчөлөрүн таза суу менен камсыз кылуу.
  4. Биздин айылдагы ички жолдорду оңдоого басым жасоо.
  5. Жаш үй бүлөөлөргө жардам берүү (участок, жата кана). Анткени бир үйдө 2-3төн үй бүлөөлөр жашагандар бар.
  6. Жетишпеген үй бүлөөлөргө жардам көрсөтүү.
  7. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуккакаршы чараларды күчөтүү.