Шералиева Жаңыл Шералиевна

Депутаттык программасы

  1. Айылдын бюджетин кѳтѳрүү:
  • айыл-чарба продукциясын чакан ишканаларды ачууга инвесторлорду тартуу (нан чыгаруу цехи, тигүүчү цехи ж.б.);
  • бюджетке түшкѳн каражаттарды эл алдына отчет берип ачык, туура колдонуу;
  1. Айылдын инфраструктурасын оңдоо:
  • «Таза суу» долбоорун киргизип суу кѳйгѳйүн грант же инвесторлор аркылуу тез арада келе жаткан 2024 жылда ишке ашыруу;
  • айылдын ичиндеги арыктарды калыбына келтирүү;
  • айылдын ичиндеги ар бир үйдѳгү таштандыларын чогултуп, аларды тѳгүү жумуштарын ишке ашыруу;
  • ар бир кѳчѳгѳ аксакал дайындап тартип, тазалык жана башка кѳчѳ кѳйгѳлѳрүн чечүүгѳ милдеттендирүү;
  • Совет, Фрунзе, Шевченко ж.б. кѳчѳлѳрдүн жолдорун оңдоо, тротуарларды калыбына келтирүү,
  • Балдар үчүн эс алуучу оюн-зоок аянтчаларын куруу;
  • айлана-чѳйрѳлѳрдү жашылдандыруу, айылдын паркын реконструкциялоо ж.б;
  1. Мугалимдердин, бала-бакча тарбиячылардын, медицина кызматкерлеринин даража барк статусун кѳтѳрүү:
  • мектепке спорттук секция (футбол, баскетбол, күрѳш, шахмат ж.б.), кол ѳнѳрчүлүк, же башка факультативдерди ачуу;
  • бала-бакчаны салуу долбоорун киргизип, грант же инвесторлор аркылуу ишке ашруу жана аны керектүү мебель, оюнчуктар менен камсыздоо;
  1. Муктаж үй-бүлѳѳлѳргѳ айыл ѳкмѳт тарабынан, инвесторлор аркылуу жардам кѳрсѳтүү:
  • кары-картаң, инвалиддерге айыл ѳкмѳт тарабынан жана мектептеги окуучулардын тимурчулар отрядын түзүп жардам кѳрсѳтүү;
  • аз камсыз болгон үй-бүлѳѳлѳргѳ колдоо кѳрсѳтүү.