Кадыркулов Жалиль Айдарович

Депутаттык программасы:

  • Кызыл-Дыйкан айыл аймагындагы Кызыл-Дыйкан жана Петропаловка айылынын тургундарын 100% ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында «Суу өмүрдүн булагы» урааны алдында эң негизги ичүүчү таза суу сапатына көзөмөлдүк кылуу.
  • Айыл аймакка максаттуу инвестиция тартуу менен айыл ичиндеги ички жолдорго басым жасоо.
  • «Сен таза болсон, мен таза болсом, коом таза болот» урааны менен айыл аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү иш-чараларына өзгөчө басым жасоо, себеби айылдын тазалыгы-бекемден-соолуктун башаты, арбирибиздин жүзүбүз.
  • Айыл аймактагы жаштардын иш менен камсыз болуусуна, баштоолоруна колдоо көрсөтүп, алардын жеке үй-бүлөөдөгу эле эмес, коомдогу ролун белгилеп көрсөтүү.
  • «Балдар-биздин келечегибиз» урааны алдында, айыл аймакка инвесторлорду тартуу менен балдар үчүн эс алуучу аянт чаларды курдуруу. Түрлүү ийримдерди (англистили, кол өнөрчүлүк, спортту кийридерди ж.б.у.с) ачууга шарттарды түзүп берүү.
  • Калктын жарды катмарына-аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, жетим-жесир, ден-соолугу боюнча мүмкүн чүлүгү чектелген жарандарга майыптарга даректүү жардам көрсөтүү, ардайым аларды көңүл чордонунда коюу, колдоо көрсөтүү.
  • Айыл өкмөтү тарабынан ар дайымачык-айкындуулукту камсыз кылып, муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга көңүл буруу.
  • Айыл аймактагы күтүүсүз көйгөйлөрдү тезинен чечүү максатында тургундар менен тыгыз мамиледе болуу.