Кадыров Зайирбек Самитдинович

Депутаттык программасы:

“Элдик каражат эл үчүн!”

1. Айыл өкмөтүнүн балансындагы элге кызмат кылууга тийиш оор техникалык каражаттарды элдин кызыкчылыгына кызмат кылуусун камсыз кылуу. Анткени учурда айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине деп берилген оор техникалык каражат, белгилүү гана адамдардын кызыкчылыгына колдонулуп, калган элдердин муктаждыктарына жана кайрылууларына буюртма көп болуп бошобой жатам деген жоопторду берип келишет. Ошондуктан, бул оор техникалык каражат жалпы айыл аймактын тургундарынын кызыкчылыктарына кызмат кылуусу үчүн коммерциялык фирмалардан түшкөн буюртмаларды убактысы боюнча чектөө зарыл. Мисалы, бир жумада 5 жумушчу күн болсо анын 3 күнүн коммерциялык фирмалардын заказын аткаруу, ал эми 2 күнүн жөнөкөй жарандардын буюртмаларын аткарууга жумшоону камсыз кылабыз. Жана ошондой эле жергиликтуу жөнөкөй жарандардын буюртмаларын 50% арзандатуу менен аткаруусу керек.

2. Ар кайсы социалдык, маданий, жана саясий иш-чараларда айыл өкмөтү менен биргеликте тыгыз иш алып барабыз.