Абдиманнап уулу Мунарбек

Депутаттык программасы:

“Келечекти билим менен куруу”

Албетте, мугалим келечекке  кам көрөт. “Келечек баардык жаштардын колунда эмес, билимдүү, акылдуу жаштардын колунда” – демекчи, жаштарга тарбия берүүчү эң негизги кесип ээлери мугалим. Ошондуктан коомдо мугалимдин кадыр баркын көтөрүү. Айыл жергесинде көйгөйлүү маселе көп. Биз маселесин көптүгүнө эмес, чечүү жолдоруна маани беришибиз керек. Мен депутаттыкка талапкер катары эң негизгиси айыл жаштарына ыйман, акыл, билим аркылуу туура багыт берүү менен спорттук иш чараларга көңүл буруу менен дени сак жаштардын коомун түзүү.

“Кеңешип кескен бармак оорубат” – дегендей, баардык жасай турган ишибизди, идеяларыбызды, эл, депутаттар менен кеңешип иш алып барамын деген тилегим бар.