Программабыз төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
- Социалдык саясат
- Ден соолук: Медициналык мекемелердин финансы жактан каржыланышын көбөйтүп, шаардың жаны конуштарына ФАПтарды ачабыз. Спорттук обьектерди (стадион, спорт зал, спорт клуб) жана фитнес клубтарды колдойбуз.
- Билим берүү: Билим берүү мекемелерин өнүктүрүп, материалдык-техникалык базасын жакшыртабыз.
- Социалдык колдоо: Пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды колдоп, «Социалдык контракт» программасын улантабыз.
- Чет өлкөдөгү мигранттардын укуктарын коргойбуз.
- Экономикалык өнүктүрүү
- Жергиликтүү бизнести колдоо: Инвестициялык долбоорлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөбүз.
- Жумуш орундарын түзүү: Жаңы өндүрүштөргө жана инфратүзүм долбоорлоруна инвестицияларды тартабыз, кесиптик даярдоо программаларын колдойбуз.
- Туризмди өнүктүрүү: Туристтик маршруттарды түзүп, жергиликтүү эс алуучу жайларды өркүндөтөбүз, парктарды жакшыртабыз, көчөлөрдү асфальтоону улантабыз.
- Экология жана туруктуу өнүктүрүү
- Экологиялык демилгелер: Чарба калдыктарын бөлүп жыйноо жана экосистеманы калыбына келтирүү программаларын киргизебиз.
- Шаардык канализация системасын курдурабыз
- Энергиянын натыйжалуулугу: «Жашыл» технологияларга инвестиция тартуу жана үй-бүлөлөргө таза суу маселеси боюнча жардам көрсөтөбүз.
- Коопсуздук
- Жалпы коопсуздук: Милиция жана коомдук орундардагы видеобайкоо системасын финансылоону көбөйтүп, коопсуздук боюнча билим берүү программаларын өткөрөбүз.
- Жарандардын катышуусу
- Ачыктык: Жергиликтүү бийликтин иши боюнча ачык маалымат системасын киргизип, жарандар менен жолугушууларды өткөрөбүз.
- Жарандык демилгелер: Жарандар тарабынан сунушталган долбоорлорду каржылоону колдойбуз.