1. Социалдык саясат
    • Ден соолук: Медициналык мекемелердин финансы жактан каржыланышын көбөйтүп, шаардың жаны конуштарына ФАПтарды ачабыз.
    • Билим берүү: Билим берүү мекемелерин өнүктүрүп, материалдык-техникалык базасын жакшыртабыз.
    • Социалдык колдоо: Пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды колдоп, «Социалдык контракт» программасын улантабыз.
  2. Экономикалык өнүктүрүү
    • Жергиликтүү бизнести колдоо: Инвестициялык долбоорлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөбүз.
    • Жумуш орундарын түзүү: Жаңы өндүрүштөргө жана инфратүзүм долбоорлоруна инвестицияларды тартабыз, кесиптик даярдоо программаларын колдойбуз.
    • Туризмди өнүктүрүү: Туристтик маршруттарды түзүп, жергиликтүү эс алуучу жайларды өркүндөтөбүз, парктарды жакшыртабыз, көчөлөрдү асфальтоону улантабыз.
  3. Экология жана туруктуу өнүктүрүү
    • Экологиялык демилгелер: Чарба калдыктарын бөлүп жыйноо жана экосистеманы калыбына келтирүү программаларын киргизебиз.
    • Шаардык канализация системасын курдурабыз
    • Энергиянын натыйжалуулугу: «Жашыл» технологияларга инвестиция тартуу жана үй-бүлөлөргө таза суу маселеси боюнча жардам көрсөтөбүз.
  4. Коопсуздук
    • Жалпы коопсуздук: Милиция жана коомдук орундардагы видеобайкоо системасын финансылоону көбөйтүп, коопсуздук боюнча билим берүү программаларын өткөрөбүз.
  5. Жарандардын катышуусу
    • Ачыктык: Жергиликтүү бийликтин иши боюнча ачык маалымат системасын киргизип, жарандар менен жолугушууларды өткөрөбүз.
    • Жарандык демилгелер: Жарандар тарабынан сунушталган долбоорлорду каржылоону колдойбуз.