Биздин максатыбыз - ар бир аймактын өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан! Биз, "Ынтымак" саясий партиясынын кесипкөй адистеринин командасы, өлкөбүз үчүн реалдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн тажрыйбабызды, билимибизди жана күч-аракетибизди бириктирдик.
Жумуш орундарын түзүү: Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жана логистикалык борборлорду түзүүгө басым жасоо менен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларынын жарманкелерин уюштуруу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу.
Шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү: Коомдук транспорттун тармагын өнүктүрүүнү жана "акылдуу" технологияларды киргизүүнү кошо алганда, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, мектептерди жана ооруканаларды куруу жана оңдоо.
Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти коргоо: Кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте программаларды түзүү.
"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" программасы боюнча инвестицияларды тартуу менен жеткиликтүү турак жай куруу: Программаны ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Калктын жыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү: Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, региондо жаңы жумуш орундарын түзүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү.
Жумушсуздук менен күрөшүү жана кирешелердин деңгээлин жогорулатуу: Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, кесиптик окутуу жана кадрларды кайра даярдоо.
Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү: Экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү, калдыктарды натыйжалуу башкаруу, суу ресурстарын коргоо.
Финансылык ресурстарга жетүүнү жакшыртуу: Микрокаржылоону өнүктүрүү, кредиттик кооперативдерди колдоо, регионго инвестиция тартуу.