Урматтуу Көк-Жангак шаарынын тургундары!
Бизди шайлоодо колдой турган бардык шайлоочуларга алдын ала чын жүрөктөн раазычылык билдиребиз! Алгач жарандарыбыздын колдоосу менен көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып, социалдык жана муниципалдык объектилерди калыбына келтирдик. Ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери чечилди. Жалпысынан командалык эмгектин аркасында чоң натыйжаларга жетишилди. Жемиштүү иш үчүн бизде жаштык, энергия, коомчулукта тажрыйба жана көптөгөн идеялар бар. Албетте, пландарыбызды ишке ашыруу үчүн издердин колдооңуздар керек. Бүгүн биз сиздерге биздин турмуштук жана кесиптик тажрыйбабызга негизделген шайлоо программабыз, ошондой эле тургундар тынымсыз айтып жаткан көйгөйлөр жана сунуштар менен кайрылабыз. Артыкчылык 1.
1. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү.
1.1 Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу;
1.2 Жолдордун авариялык абалын жоюу;
1.3 Инфраструктуранын абалын жакшыртуу;
1.4 Экологиялык жактан таза шарттарды камсыз кылуу, атап айтканда уюшкан полигондорду жана калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү;
1.5. Балдардын жана жаштардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
1.6. Муниципалдык ишкананын ишин жакшыртуу;
1.7. ирригациялык системаны калыбына келтируу жана жакшыртуу.
Артыкчылык 2. Көк-Жангак шаардык мэриясынын кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен иш:
2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү коомчулуктун өнөктөштүгүн өнүктүрүү жана чыңдоо;
2.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) кызматкерлерине шарттарды түзүү жана эмгек акысын жогорулатуу;
2.3“Кадрлардын жетишсиздигин” жоюу жана жаш адистерди алгачкы жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында жаш адистерди социалдык жактан колдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Биз сиздин конструктивдүү сунуштарыңызды кабыл алууга ар дайым кубанычта болобуз.
Урматтоо менен, Ынтымак партиясынын Көк-Жангак шаардык бөлүмү