Шаардык кеңештердин тизмеси > Кызыл-Кыя шаардык кеңеши > НДПК "КЫРГЫЗСТАНДЫН-ЭЛДИК ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ"

Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү: жашоонун сапатын жакшыртуу үчүн жолдорду, көчөлөрдү жарыктандырууну, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жакшыртуу, инженердик тармактарды жаңылоо, газдаштыруу жана жылытуу.

  1. Транспорттук көйгөйлөрдү чечүү: Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, жаңы маршруттарды иштеп чыгуу жана тыгындарды азайтуу үчүн заманбап транспорттук чечимдерди киргизүү.
  2. Маданият жана спорт мекемелерин модернизациялоо: Маданият үйлөрүн, китепканаларды жана музейлерди, спорт залдарды, стадиондорду, парктарды заманбап жабдуулар менен оңдоо жана орнотуу, бардык курактагы топтор үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү. Жергиликтүү бюджеттен драма театр ачуу.
  3. Айлана-чөйрөнү коргоо, жашыл аймактарды түзүү: көчөлөрдү жана аянттарды үзгүлтүксүз жашылдандыруу, ошондой эле системалуу тазалоо жана таштандыларды өзүнчө чогултуу аркылуу шаардын тазалыгын камсыз кылуу.
  4. Инклюзивдүүлүк: Калктын бардык категориялары үчүн социалдык, маданий жана спорттук турмушка катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды камтуу.
  5. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү: жарандардын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, анын ичинде улгайган адамдарды жана социалдык жактан аялуу топторду колдоо. Мектептерде жана бала бакчаларда шарттарды жакшыртуу. Жацы бала бакчаларды жана мектептерди куруу.
  6. Шаардык бюджеттин ачык-айкындуулугу: Шаардык бюджетти бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыздоо жана жарандардын чечимдерди кабыл алууга катышуусун жогорулатуу.
  7. Калктын аз камсыз болгон жана аялуу категорияларынын социалдык көйгөйлөрүн түзүү жана колдоо. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана социалдык жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртуу. Турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүү программасын кеңейтүү.
  8. Бизнести колдоо, инвестиция тартуу: Шаардын экономикасына инвестиция тартуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү, кичи жана орто бизнести колдоо.
  9. Жеткиликтүү турак жай: Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн көп батирлүү үйлөрдү куруу жана турак жай куруу үчүн жерлерди трансформациялоо аркылуу жеке турак жай куруу маселелерин чечүү.