Шаардык кеңештердин тизмеси > Сүлүктү шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

  1. Эл менен ачык айкын иш алып баруу.

1) Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын аткарылган иштери боюнча элге отчёт берип туруусу.

2) Эл өкүлдөрү элдин көйгөйлөрун аныктоо максатында, эл менен квартал сайын эл менен жолугушууларды уюштуруу.

3) Коомдук талкууларды уюштуруу, бюджеттин кабыл алынуусун  иш-пландарды ачыктоо.Бугункү күндө шаарыбыздын каражаты, бюджети кайсы тарапка жумшалганы, кайсы тармактарга кандай бөлүштүрүлгөнү жатат бул туралуу ар бир жаран билиши керек.

  1. Билим берүү, спорт жана маданият тармагы.

1) Мектептердин жана бала –бакчалардын ремонт иштерин, капиталдык ремонттон өз убагында өткөрүү.

       Балдар биздин келечегибиз, өзүбуздун окуп жана тарбияланып жаткан балдарыбызга жакшы шарт түзуп берели.Билим берүү мекемелерин жакшы карап, сактоо керек.Кыш мезгилине өз убагында даярдануу. Ремонт иштерин жана капиталдык ремонт иштерин түрлүү грант аркылуу жана башка каражат булактары аркылуу өткөрүү.

2) Жаңы спорттук комплекстерди куруу.

3) Спорттук иш-чараларды өткөрүү.

4) Маданий иш-чараларды өткөрүү.

Сүлуктү шаарыбыздын алкагында маданий иш-чараларды өткөрүү.

 

  1. Социалдык тармак боюнча.

1) Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү.Ар бир адамдын ырыскысы ар кандай берилет эмеспи. Шаарыбызда аз камсыз болгон, үй-бүлөлүк абалы оор үй-бүлөлөргө жардам берүү.

3) Кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылуу.

Биздин максатыбыз, шаарыбызда көмүр (кап менен же кг) сатуучу магазин куруу.

Мамлекеттик кызматкерлерди, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү,пенсионерлерди, майыптарды жылынына бир жолу арзан баадагы жана сапаттуу көмур менен камсыз кылуу.

 

  1. Эс алуу, парктарды куруу, иригация иштери.

1) Шаарыбызда оңдоло элек көчөлөрубуз көп, ар бир жылда 3км жолду асфальттоого, тротуарг төшөөгө, кээбир көчөлөргө кум шагыл төгуп  тегиздеп, турган шаарыбыздын каражаты жетет.

“Баарыбыз үчүн биздин мамлекеттин жана элибиздин тагдыры, жаштарыбыздын келечеги баарынан кымбат болууга тийиш.Эң маанилүүсү-өлкөбуздүн жана шаарыбыздагы тынчтык, элдин биримдиги жана коомубуздары коопсуздук”.