Өзгөрүү бизден башталат! Калктын ЫНТЫМАГЫ ийгиликтин кепилдиги!
- Саясий багыт:
Саясий чагымчылдыкты токтотуу жана коомду бириктирүү аркылуу гана биз күчтүү жана ийгиликтүү шаар кура алабыз, калктын ынтымагы ийгиликтин кепилдиги.
Шаарыбызда абдан көйгөйлүү маселелер көп, эң эле орчундуулары: таза суу, калктын саламаттыгы, жумушсуздук, жарыктандыруу.
Бул маселелерди чечүүгө аракеттер көрүлүп келген, бирок иреттүү түрдө жергиликтүү жамаат менен биргеликте негизги приоритеттүү көйгөйлөрдүн чечилишин ачык жана темирдей тартиби менен чечүү жолдору аныкталбай келген.
Аткаруу бийлиги болгон мэриянын планын бекитип, коомчулукка жарыялап, ал пландын аткарылышын элдин ачык баалоо системасынын негизги көрсөткүч катары киргизебиз. Шаардын ар бир тургуну түздөн түз мэриянын ишмердүүлүгүн баалоо системасын киргизүү бүгүнкү күндүн талабы.
Кагаз бетиндегини ишжүзүнө өткөрчү механизмди биз ишке киргизебиз!
- Экономикалык багыт:
Негизинен жергиликтүү бюджетте чектелүү, жетишсиз каражаттар бар, бирок ошол каражаттарды дагы туура пайдалануу менен эффективдүүлүккө алып келүү негизги максат катары баалаш керек, анткени муниципалдык сатып алуулар, долбоор аркылуу келген атайын каржылоолордун таза айкындыгы айрым учурларда күмөн санатат.
- Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты кылдаттык менен талдоодон өткөрүү жана коомдук талкуудан өктөрүү күндүн талабы, бул талапты биз толугу менен аткарабыз.
- Шаарыбыздын ресурстук (жер, муниципалдык мүлк, муниципалдык капиталдык салымдар, болгон инвестициялык долбоорлор) базасын аныктоо максатында толугу менен аларды инвентаризациядан өткөрүп, ал маалыматты элге ачыктап беребизда, аларды эффективдүү колдонуу боюнча сунуштарды жамааттын кароосуна коебуз;
- Социалдык багыт
- Ар бир үйдө шаар тургундарыбыз ооруп калууда, оорунун алдын алуу иштери жокко эсе болууда, ошол себептен улам 2-тепкичтүү “Дени сак шаар” долбоорун ишке ашырабыз.
Ал кандай долбоор, шаарыбызда катталган ар бир тургунду базалык медициналык кароодон өткөрүү, жыйынтыгы менен бирдиктүү ар бир жарандын саламаттыгы боюнча база түзүү жана ошолорго карата тийиштүү дарылоону аныктап беребиз.
Экинчи этап менен ден-соолукту бекемдөөгө багытталган сунуштамаларды саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштеп чыгып аларды жайылтабыз;
- Экологиялык багыт
Жылдан жылга экология маселелери дүйнө жүзүндө козголуп күн санап курчуп келүүдө, биз бүгүндөн калбай бул жаатта туруктуу стратегия кабыл алып иш алып баруубуз керек, биздин командабыздын стратегиясы төмөндөгү багыттарды камтыйт:
- Жашыл экономика механизмдерин ар бирэкономикалыкдолбоорлордокамтуубуз зарыл.