Биздин максатыбыз: Шаарыбыздын бардык аймактарында жана этникалык топторунда биримдикти жана ынтымакты чыңдоо; Максатка жетүү үчүн партия экономикалык өнүгүүнү, билим берүү жана саламаттык сактоо системасын жакшыртууну, айлана-чөйрөнү коргоону жана ачык, адилет башкарууну камсыз кылууну көздөйт.

Урааныбыз: Күч биримдикте!

Шаарды өнүктүрүүдөгү негизги багыттар: 

  1. Социалдык жана экономикалык туруктуулук:
  • Шаардын бардык калк катмарлары үчүн билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу;
  • Жаштар жана улгайган адамдар үчүн социалдык колдоо программаларын кеңейтүү:
  • Аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү программаларын иштеп чыгуу;
  • Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу;
  • Социалдык кызматтарды санариптештирүү аркылуу бардык калк катмарларына жеткиликтүү кылуу;
  • Шаардык коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып барып, ар бир жаран үчүн ачык жана коопсуз шарттарды түзүү;
  • Шаардын тез өсүп жаткан аймактарында жаңы мектептер жана бала бакчаларды куруу маселелерин көзөмөлдөө; Бул мектептерди заманбап билим берүү технологиялары менен жабдуу жана балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
  • Эскирген мектеп жана бала бакчалардын имараттарын ондоо жана модернизациялоо. Окуу процесстерин жакшыртуу үчүн класстарды жана окуу жайларын кеңейтүү;
  1. Экономикалык өнүгүү:
  • Шаарда чакан жана орто бизнести колдоо үчун атайын программаларды ишке ашыруу;
  • Инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жумуш орундарынын санын көбөйтүү;
  • Жергиликтүү өндүрүштүк ишканаларга көмөк көрсөтүп, шаарды өнөр жай борбору катары өнүктүрүү;
  1. Коопсуздук жана коммуникация:
  • Шаардык инфраструктураны өркүндөтүү: жолдорду оңдоо, жаңы транспорт маршруттарын ачуу;
  • Коопсуздук кызматтарынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчун видеокөзөмөл жана санариптик системаларды киргизүү;
  1. Айыл чарба жана жер ресурстарын башкаруу:
  • Шаардын чет жакаларындагы айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу;
  • Дыйкандар үчүн жер-жемиш жана мал чарбачылыгын өнуктүрүүгө инновациялык технологияларды киргизүү;
  • Жергиликтүү дыйкандарга финансылык жардам жана салык жеңилдиктерин камсыз кылуу;
  1. Жаштар жана спорт:
  • Жаштардын потенциалын ачуу үчүн билим берүү жана кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүү борборлорун түзүү;
  • Спорттук инфраструктураны жакшыртуу жана ар түрдүү спорттук клубдарды ачуу;
  • Жаштар арасындагы ишкерликти колдоо жана инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү;
  1. Жашоо сапатын жогорулатуу:
  • Шаардын ичиндеги жашоо шарттарын: таза суу, жарык берүү, жашылдандыруу иштерин күчөтүү;
  • Таза экология жана коомдук коопсуздук үчүн атайын программаларды ишке ашыруу;
  • Медициналык тейлөөнү жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу;
  1. Санариптештирүү жана коомдук кызматтар
  • Шаардагы бардык мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү;
  • Жергиликтүү ишканаларга санариптик технологияларды колдонуу боюнча окутууларды өткөрүү;
  • Инновациялык стартаптарга жана IT-компанияларга салык жеңилдиктерин киргизүү;
  • Жол кыймылын жакшыртуу жана жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу;
    • Инфраструктураны жакшыртуу жана экологиялык коопсуздук
  • Таза суу: Шаардын бардык аймактарына таза сууну жеткирүү үчүн жаңы суу түтүктөрүн орнотуу жана эскилерин жаңыртүү. Суу резервуарларын жана суу тазалоочу станцияларды көбөйтүп, шаарды үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо;
  • Жарыктандыруу: Шаардын көчөлөрүндө заманбап энергия үнөмдөөчү жарыктандыруу системаларын орнотуу; Көчөлөрдүн жарыксыз калган аймактарын камсыз кылуу аркылуу коопсуздукту жакшыртуу;
  • Шаардык транспорт: Транспорттук системаны модернизациялоо, жаңы экологиялык таза автобустарды жана электрдик транспорт каражаттарын ишке киргизүү; Коомдук транспорттун тактыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жаңы маршруттарды ачуу;
  • Шаардагы жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү; Сапаттуу асфальт төшөө жана жолдун абалына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү;
  • Жөө адамдар үчүн коопсуз өтмөктөрдү, велосипед жолдорун жана инклюзивдүү шарттарды камсыздоо;
  • Шаарда жашылдандыруу иштерин күчөтүү: парк жана скверлерди көбөйтүү, жашыл мейкиндиктерди коргоо жана жаңы бак-дарактарды отургузуу;
  • Атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана экологиялык таза технологияларды колдонууга багытталган өнөктүктөрдү ишке ашыруу;
  • Жаратылыш кырсыктарына даярдык; жер титирөө, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктарына каршы инфраструктуралык коргонуу системаларын жакшыртуу; Эвакуация пландарын иштеп чыгуу жана коопсуздук боюнча калкты маалымдоо;