Шаардык кеңештердин тизмеси > Кант шаардык кеңеши > "Эл Үмүтү социал-саясий партиясы" саясий партиясы

  1. Жол тыгындарын алдын алуу иштери. Биз борборуздун транспорт системасын модернизациялоого, анын ичинде жол инфраструктурасын оптималдаштырууга, кыймылды башкаруунун интеллектуалдык системасын киргизүүгө жана коомдук транспортту өнүктүрүүгө умтулабыз. Ошондой эле коомдук транспорт системасына транспорттун альтернативдүү түрлөрүн киргизүүнү жактайбыз. Бул чаралар тыгындарды азайтууга жана шаардыктардын кыймылын жакшыртууга жардам берет .
  2. Коррупцияга каршы көмөктөшүү. Биз коррупцияга каршы саясатты улантууну колдойбуз жана шаар бийлигинин ачык чечимдерди кабыл алуу процессине көңүл бурабыз. Биз үчүн коррупция мүмкүн болбой турган шарттарды түзүү маанилүү.
  3. Билим берүү системасын өнүктүрүү. Шаарыбызда ар бир бала заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим алуусу үчүн жаңы мектептерди жана билим берүү мекемелерин куруу маселесин көтөрөбүз. Билимге инвестиция салуу – бул биздин балдарыбыздын келечегинин ачкычы.
  4. Таза суу тартыштыгынын маселеси. Ичүүчү таза сууга жетүү биздин приоритетибиз. Биз жаңы скважиналарды казууга активдүү көмөктөшөбүз жана турак жайларда суунун жетишсиздигин чечебиз. Ошондой эле сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн акылдуу эсептегичтерди киргизүүнү сунуштайбыз. Бул суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат.
  5. Жашыл шаар. Биз жашыл аймактарды жана парктарды көбөйтүүнү, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын жашылдандырууну жана ыңгайлуу коомдук жайларды түзүүнү жактайбыз. Дени сак экология – бул шаардыктардын ыңгайлуу жашоосу жана биздин жалпы келечегибиз.
  6. Шаарды эффективдүү башкаруу. Биз шаардык ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, шаарды башкарууга заманбап технологияларды киргизүүгө жана бюрократиялык кечигүүлөрдү кыскартууга багыт алабыз.
  7. Жаштардын потенциалын колдоо. Жаштар инновациянын жана өзгөрүүнүн булагы экенине ишенебиз. Биз жаштардын өзүн-өзү көрсөтүүгө, өлкөбүздүн келечегин калыптандыруучу идеяларды жана демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө басым жасайбыз. Биздин максатыбыз – жаштарды патриоттуулук жана жоопкерчилик сезимине тарбиялоо, алардын жалпы жыргалчылыкка маанилүү салым кошуусу үчүн алардын энергиясын жаратмандыкка жана өнүгүүгө багыттоо.

Бул кадамдар бизге Бишкекти жашоо үчүн ыңгайлуу жана заманбап шаарга айлантууга жардам берет. Биздин программада ар бир жашоочунун өнүгүүсү жана бакубаттуулугу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр каралган.