• Биз кандай шаарда жашап жатабыз?
  • Кандай шаарда жашагыбыз келет?
  • Биз кандай шаарда жашашыбыз керек?
  • Кыргыз эли буга жооп издеп келет. Бизде жооп бар!
  • Билим сапатынын көрсөткүчү – дипломдун санынан эмес, билимдин сапатына карап бааланган өлкө.
  • Пенсионерлер татыктуу пенсия алышы керек.
  • Жаштар саясатчылардын куралы эмес, экономиканын кыймылдаткычына, инновациялык ыкмаларды сунуштаган адистер.
  • Кызматка дайындоонун негизи зобололу адамга “өкүл бала” эмес, акылы, билими, таланты жана абийири бийик болуу.
  • - Айланада болуп жаткандарга кайдыгер карабагандар;
  • - Паракорлук жана ууру кылбаган, булганбагандар.
  • Экономикалык жактан күчтүү аймактарды жаратуу боюнча, аймактардагы экономикалык программаларга дем берүү саясатын жүргүзүү.
  • Экономикалык өсүштү колдоп, реалдуу багытты каржылоо жана банктык эмес каржы куралдарын колдонуу менен банк тутумун стимулдаштыруу.
  • Ишкерликтин демилгесинин кыймылдаткычы катары чакан жана орто бизнеске түрткү берүү.
  • Жеке ишкерлик, жеке менчиктин корголушуна кепилдик берүү.
  • Мамлкеттин баардык жагында жашылдандыруу ишин 30% ашыруу
  • Таштандыларды кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү менен кайра иштетүү көлөмүн 30% жеткирүү.
  • Сапаттуу билим алуу, турак жай алуу, баштапкы ишкерлик ишин илгерилетүү максатта жаштарга мамлекеттик каржылоо кепилдик системасын түзүү,
  • Мамлекеттик органдарга жаштарга болгон квоталарды колдоо.
  • Кыргызстандын үй бүлөсүндөгү рухий баалуулугун, салттуулугун коргоо, зордук-зомбулукка, улутчулдукка, мыкаачылык, порнография жана адепсиздик сыяктуу көрүнүштөргө бардык мыйзамдар, ыкмалар аркылуу каршы туруп, аны менен күрөшүү. Ошондой эле коомдогу мындай терс көрүнүштөр менен искусство, ММКларды жана интернет тармагындагы адистер аркылуу олуттуу күрөшүүбүз зарыл.
  • Кыргызстандыктардын цивилизациялык багыт алуусуна “Манас” эпосунун баалуулугу жана анын маданий мурасына жол көрсөтөт.
  • Биз сунуштаган Программа – бул өнүктүрүү жолунун эркин, жоопкерчиликтүү багыты. Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан толук кандуу колдоого алынаарына ишенебиз.
  •  
  • “ОРДО” партиясы - Биздин тилек -элдик партия болуу!