Ынтымак партиясынын платформасы

«Кант шаарын өнүктүрүүгө 5 жыл»

Шаардык кеңештеги депутаттар билимдүү, ар кыл кесиптеги, шаардын көйгөйлөрүн даана көрө билген, өз убагында чечүүгө даяр адистер болушу биздин негизги милдетибиз.

Депутат өзү жашаган аймактагы жергиликтүү калктын тикелей өкүлү. Депутат өз аймагынын ар бир бурчун, анын “оорусун” билип, жергиликтүү бийликтин пландарынын аткарылышын көзөмөлгө алышы керек. Жаңы артыкчылыктар боюнча шайлоочулар менен кеңешүү, шаардык кеңеште бул артыкчылыктарды коргоо.

Биздин талапкерлер буга чейин шаардык кеңештин депутаттык ишмердүүлүгүндө тажрыйбасы бар инсандар жана шаарыбызды өнүктүрүү пландарын ишке ашырууга өз билимин жана потенциалын жумшоого даяр жаңы жүздөр.

Жыл сайын билим берүү тармагында мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде жаңы кадрлар керек болуп жатат. Ушул сыяктуу көптөгөн суроолор азыр чечилиши керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде чечиле турган маселелер. Шаардык кеңештин ишинин эффективдүүлүгү үчүн ар кандай кесиптеги талапкерлерди чогулттук.

Мугалимдер, дарыгерлер, юристтер, спорттук машыктыруучулар, ийгиликтүү бизнесмендер жана ишкерлер буга чейин шаардын өнүгүшүнө салым кошуп, сырттан инвестиция тартууда.

Биздин талапкерлердин кесипкөйлүгү менен айкалышкан жаңы жүздөр алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө болгон ишенимди билдирет.

Биздин партия — республикалык масштабдагы партиянын ячейкасы. Көптөгөн маселелерди Жогорку Кеңештин деңгээлинде чече алабыз. Ишеним телефонун жана социалдык тармакта баракча түзөбүз, анда ар бир шаар тургуну шаар боюнча суроо берип, комментарий калтыра алат.

Биз Кант шаарын 2025-2030-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү стратегиясын түзүүгө жоопкерчиликтүүбүз. Административдик-аймактык реформаны эске алуу менен көп иштер пландалып, анын алкагында Кант шаарынан тышкары Люксембург жана Киргшелк айылдарында аялуу пункттар камсыздалат.

Жаңы чакырылыштын 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн программасын сиздерге сунуштайбыз. Бул шаардын бюджетинин жана мөөнөттөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүндө боло турган реалдуу жана ишке аша турган программа болот. Көптү жана мүмкүн эмести убада кылгандан көрө, колуңдан келгенди жасаган жакшы!