- “Талас – коопсуз турак жайлардын жана таза көчөлөрдүн шаары”
Максатыбыз: Талас шаарын ар бир тургун сыймыктана турган коопсуз турак жайлардын жана көрктөндүрүлгөн көчөлөрдүн жайына айландыруу.
Максатка жетүү үчүн кадамдар:
- Ар бир үй жашоого ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн Талас шаарында капиталдык оңдоонун кеңири программасын ишке киргизүү.
- Турак жайлардын ыңгайлуулугу үчүн жылуулук жана суу менен камсыздоо тутумдарын жаңыртуу.
- Талас шаары сейилдөөгө жана эс алууга жагымдуу жайга айланышы үчүн көчөлөрдү жана короолорду көрктөндүрүү үчүн каржылоону көбөйтүү.
- “Талас – бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн жана социалдык колдоонун шаары”
Максатыбыз: Ар бир тургунга камкордук көрүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Максатка жетүү үчүн кадамдар:
- Шаарыбыз билим берүүнүн жана маданий өнүгүүнүн ордосу болушу үчүн мектептерди, китепканаларды, маданият мекемелерин колдоо.
- Жаш таланттар өнүгүп өсүшү үчүн акысыз ийримдерди, секцияларды уюштуруу.
- Пенсионерлерди, майыптарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо программаларын иштеп чыгуу, Талас шаарын социалдык адилеттүүлүктүн жана жардамдын мекенине айландыруу.
- “Талас – өнүгүп жаткан бизнестин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн шаары”
Максатыбыз: Ар бир мыйзамдуу бизнес өз ордун таап, шаарыбызды өнүгүп жаткан экономиканын борборуна айландыруу.
Максатка жетүү үчүн кадамдар:
- Талас шаарында жаңы ишканалардын өсүп-өнүгүшүнө көмөктөшүп, ишкерлерди колдоо үчүн бизнес-инкубаторлорду түзүү.
- Талас шаары коноктор жана туристтер үчүн жагымдуу жайга айланышы үчүн туризм инфраструктурасын өнүктүрүү.
- Талас шаарын туристтик борбор катары таанытуу, аны таанымал брендге айландыруу жана дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди тартуу.
- “Талас – коопсуздуктун жана бейпилдиктин шаары”
Максатыбыз: Шаар коопсуздуктун жана бейпилдиктин үлгүсүнө айланышы үчүн ар бир жашоочуга коопсуздукка ишеним сезимин тартуулоо,
Максатка жетүү үчүн кадамдар:
- Талас шаары сутканын каалаган убагында коопсуз жайга айланышы үчүн видеокөзөмөл камераларын орнотуу.
- Зарыл болгон учурда ар бир тургун жардам бере алышы үчүн жарандарды биринчи жардам көрсөтүүнүн негиздерине үйрөтүү.
- Талас шаары ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга даяр болушу үчүн жарандык коргонуу үчүн зарыл болгон техниканын жана материалдардын запастарын түзүү.