Урматтуу Талас шаарынын тургундары!
Биз, Талас шаарынын тургундары, “Шаарыбызды өнүктүрүү” деген бир идея менен биригип, “ Бирге-Вместе” саясий партиясынын курамында Талас шаардык кеңешинин шайлоосуна катышууну чечтик.
Биздин негизги максатыбыз Талас шаарыбызды өнүккөн, өнүккөн, алдыңкы туристтик шаар кылууга умтулуу. Талас шаарын ар бир жаран үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана татыктуу жашоону камсыз кылган өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап жана жашыл шаарга айландыруу.
Биздин артыкчылыктуу милдеттерибиз:
- Билим берүү, маданият, спорт:
Талас шаарынын жаштарына төмөнкү кызматтар акысыз көрсөтүлө турган жаштарды өнүктүрүү борборун ачуу:
Билим-берүү курстары;
Спорттук секциялар;
Четтилдерди окутуу;
IT окутуу курстары;
Билим-берүү мекемесиндеги мугалимдерге өзгөчө мамиле кылуу;
- Саламаттыкты сактоо реформасы:
Сапаттуу медициналык кызмат;
Мотивациялоо аркылуу кесипкөй адистерди тартуу (социалдык турак-жай менен камсыз кылуу, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлык берүү ж.б.);
- Талас шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү:
Жашылдандыруу;
Сквер, парктарды, балдар аянтчаларын куруу;
Жарандардын коопсуздугу үчүн шаар ичине жарыктандыруу жана видеокөзөмөл камераларын орнотуу;
Тротуарларды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо;
Шаар ичиндеги арыктарды реконструкциялоо;
Биз Талас шаарынын бардык кемчиликтерин жана көйгөйлөрүн ичинен билебиз:
Дренаждык арыктардын тармактарын реконструкциялоо;
Мектеп, садиктерде балдарга орундардын жетишпегендиги;
Жеке сектордогу үйлөрдүн борбордук канализация системасына байланыштын жоктугу.
Программабызды ишке ашыруу максатында жогоруда аталган тармактарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, алардын натыйжалуу ишке ашырылышына жетишебиз. Жогорудагы реформаларды, кадамдарды ишке ашырууга биздин эркибиз, билимибиз, тажрыйбабыз жана адамдык ресурстарыбыз бар.
Урматтуу Талас шаарынын тургундары!
Алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо сиздердин колдооңуздар абдан керек!