Шаардык кеңештердин тизмеси > Талас шаардык кеңеши > "АМАНАТ" элдик социалисттик партиясы"

Натыйжалуу башкаруу жана бюджеттик саясат

  • шаардык кеңеш кабыл алган чечимдердин сапатына жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
  • бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө артыкчылыктуу багыттарды туура белгилөө;
  • шаардык бюджеттин аткарылышына жыл сайын көз карандысыз аудит жүргүзүү.

Инфраструктура

  • муниципалдык менчикти толук инвентаризациядан өткөрүү;
  • парктардын, скверлердин жана башка жашылдандырылган эс алуу аймактарынын санын көбөйтүү;
  • суу тазалоочу жана канализациялык система менен шаарды толук камтуу.

Билим берүү тутумун жаңылоо

  • жаңы билим берүү мекемелерин жана кошумча корпустарды куруу үчүн каржы булактарын тартуу;
  • билим алуучуларды шыктандыруу максатында кошумча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • педагогикалык курамдын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • мугалимдердин кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу боюнча иш алып баруу.

Санариптештирүү

  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук режимге өткөрүү процессин тездетүү;
  • муниципалдык объектилерди пайдаланууну онлайн графикке өткөрүү;
  • Талас шаардык башкармалыктын расмий сайтын иштеп чыгуу.

«Жашыл» экономика

  • Талас шаарын жаратылыш газы менен камсыздоо (газификациялоо);
  • сугаруунун альтернативдүү ыкмаларын (тамчылатып, күнөскана, жамгыр суулары) издөө;
  • “жашыл” ишкерликти ар тараптуу колдоого алуу.