Шаардык кеңештердин тизмеси > Балыкчы шаардык кеңеши > "Эл Үмүтү социал-саясий партиясы" саясий партиясы

  1. Ынтымактуу коом өнүгүүнүн өзөгү. Жергиликтүү жамааттын ишин өркүндөтөбүз. Шаарыбыздагы көчө кварталдык комитеттер менен иш алып барабыз. Жарандык коомдун өкүлдөрү, жаштар уюмдары, ардагерлер кеңештери, аялдар кеңештери , социалдык багытта иш алып барышкан коомдук бей-өкмөт уюмдар, спорт тармагы менен активдүү иштейбиз. Жаңы өнүгүү механизмдерди иштеп чыгабыз. Чет мамлекеттерде иштеп жүрүшкөн мекендештер менен шаарыбызды өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен иштейбиз.
  2. Туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу. Шаардык муниципалдык парко-пляждык аймактарды заманбап үлгүдө инвестиция тартуу жолу менен жасайбыз.Заманбап үлгүдөгү пирс, заманбап үлгүдөгү эс алуучу пляждар Балыкчы шаарында болот. Ар бир турист Балыкчы шаарына кызыгып эс алууну пландаштырган долбоорлорду иштеп чыгып ишке ашырабыз.
  3. Муниципалдык кызмат көрсөтүү иштерине көмөк көрсөтөбүз.
  4. “Дени-сак улут, дени-сак шаар” шаар жашоочулары үчүн сапаттуу медициналык тейлөөнү уюштурууга көмөк көрсөтөбүз.
  5. Билим берүү системасын өнүктүрүү. Шаарыбызда ар бир бала заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим алуусу үчүн жаңы мектептерди жана жаңы билим берүү мекемелерин куруу маселесин көтөрөбүз. Билимге инвестиция салуу – бул биздин балдарыбыздын келечегинин ачкычы.
  6. Жаштардын потенциалын колдоо. Жаштар инновациянын жана өзгөрүүнүн булагы экенине ишенебиз. Биз жаштардын өзүн-өзү көрсөтүүсүнө жана өсүүсүнө, шаарыбыздын келечегин калыптандыруучу идеяларды жана демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүсүнө басым жасайбыз. Биздин максатыбыз- жаштарды патриоттуулук жана жоопкерчилик сезимине тарбиялоо.
  7. Шаардын кыска жана узак мөөнөткө кабыл алган социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын ишке ашышына толук көмөк көрсөтүү иштерин уюштурабыз.
  8. Эл аралык спорттук мелдештерди уюштурабыз. Балыкчы шаарына маданий иш-чараларды уюштуруп, шаардын өнүгүүсүн пропагандалайбыз.