Шаардык кеңештердин тизмеси > Балыкчы шаардык кеңеши > 'Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясы

Биз 5 жыл ичинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетин өстүрүп,5 жылда 5 долбоорду ишке ашырууга аракет кылабыз. Балыкчы шаарынын казынасын байытып, инфраструктуралык, социалдык маселелерди  өз алдынча эффективдүү чечүүгө шарт түзөбүз. Андан сырткары, Балыкчы чакан жана орто бизнестин борборуна айлантууга умтулабыз. Ал үчүн биздин команда:

  • Орто жана чакан бизнести колдоо программаларын ишке ашырабыз.

Инвестиция тартуу менен жаңы жумуш орундарын түзүп, Балыкчы шаарынын мурунку индустрия шаары даңкын кайтарууга түзмө-түз жол ачабыз.

Балыкчы шаары соода өндүрүш – логистикалык борборго айланып, Балыкчы ишкерлердин шаары деген статуска жеткирүү  биздин максат.

Парктарды жана шаарды жашылдандырууну колго алабыз.

Жол четиндеги тротуарларды иретке келтирип,жакшыртууга жетишебиз. Сейилдөө парктарына жана шаарды жашылдандырууга көңүл бурабыз.

Жаштарды спортко үндөп, спорт аянтчаларын куруу.

Бүгүнкү күндө шаар тургундарына жер тилкеси  жетишпегендиктен, жер бөлүштүрүү процесин туура колдонуп, көп кабаттуу үйлөрдү курууга шарт түзөбүз. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадрларды тандоодо кесипкөй кадрларды жана келечектүү жаштарды тартуу

Аярлуу катмарларга социалдык турмушун жакшыртууга салым кошуу.

Тынчтык жана коопсуздук, социалдык биримдик жана жергиликтүү тынчтык үчүн архитектура, болжолдоо жана алдын алуу иш-чаралары боюнча иш алып баруу;

Аялдардын, жаштардын, ошондой эле калктын аялуу катмарынын чечимдерди кабыл алуу процессине, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын пландаштырууга катышуусу;

Жергиликтүү деңгээлде гендердик зомбулукту алдын алуу;

Гендердик теңдикке жетишүү позициясынан алганда, мамлекеттик   башкарууда аялдардын өкүлчүлүгүн түзүү.