Шаардык кеңештердин тизмеси > Каракол шаардык кеңеши > Политическая партия "Жаны Кыргызстан"

Партия өзүнүн саясий программаларында социалдык чөйрөнү, рынок экономикасын өнүктүрүүнү жана саясий, партиялык жана экономикалык атаандаштыкты өнүктүрүүнү жактайт. Партиянын максаты ар бир жарандын татыктуу жашоосу үчүн зарыл  шарттарды камсыз кылууга жөндөмдүү натыйжалуу мамлекетти жана активдүү жарандык коомду түзүү жана өнүктүрүү. “Жаңы Кыргызстан” партиясы экономикалык жана социалдык көтөрүлүшкө даярданууну башкы максаты катары коет.

  • Медициналык мекемелерде жана билим берүү мекемелериндеги "кадр жетишсиздигин" жоюу максатында жаш адистерди социалдык колдоо программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  • Эмгек рыногунда тургундарды иш менен камсыздалышын жөнгө салуу жана эмгек рыногун маалыматтык камсыздоону жакшыртуу боюнча көрүнүктүү рычагдарды түзүү аркылуу тургундарды татыктуу жумуш менен камсыз кылуу.
  • Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууга чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү.
  • Шаардын тургундары үчүн квалификациялуу медициналык жардамды тез жана сапаттуу алуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Калк менен оорулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл, аларды диагностикалоо методдору боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгүн түзөбүз.
  • Шаар тургундарынын коопсуздугу, жашылдандыруу, суу менен камсыздоо жана суунун сапаты боюнча маселелерди чечүүгө көмөктөшүү. Жол катмарларын оңдоого багытталган каржылоону көбөйтүүгө көмөктөшүү.