Шаардык кеңештердин тизмеси >
Ош шаардык кеңеши
>
"Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы
- Шаардагы авто тыгындарды жоюу, негизги жана ички жолдорду заманбап абалга келтирүү, жөө өтмөктөрдү куруу. Негизинен Ош шаары тарыхый шаарлардын катарын толуктаганга байланыштуу жолдорубуз азыркы замандын талабына жооп бербей келет. Бирок акыркы жылдары Ош шаарынын башкы планы жана деталдык пландоо долбоору иштелип чыкса дагы, кээ бир кагаз маселелерине келип, толук кандуу иштебей келет. Жогоруда айтылган планда жолдорду кеңейтүү атайын адистер тарабынан аз чыгым келтирүү менен эсептелип чыккан. Аталган планды толугу менен иштетип, негизги жана ички жолдорду заманбап абалга келтирүү, кошумча жөө өтмөктөрдү куруу, жол боюндагы авто токтотууну бир тараптуу койуу менен бирге атайын автоунаа койуучу жайлары жок соода борборлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, курулуш талаптарына келтиребиз.
- Жаңы конуштарды толугу менен жарыктандыруу, таза суу, бала бакча, мектептерди шаардын деңгээлине жеткирүү. Административдик аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактарды социалдык жактан мектеп, балдар бакчалары, спорт аянтчалары менен камсыз кылуу жана жолдорду, тротуарларды куруу, жарыктандыруу, газдаштыруу, саркынды сууларды (канализация) туташтыруу боюнча жумуш алып барабыз.
- Шаардын аймагын толугу менен автобус жана троллейбус менен камсыз кылуу. 2024-жылы Бишкек шаарынан келген 100 троллейбусту шаардын ичинде жүргүзүү үчүн кошумча троллейбустук линияларды куруу менен бирге шаардын аймагын толугу менен ошондой эле шаардын сыртындагы жакынкы райондор менен байланышты дагы камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан жаңы автобус линияларын иштеп чыгып, кошумча автобустарды алып келебиз.
- Шаардагы мектептердин жана бала бакчалардын шартын жакшыртуу, билим сапатын бирдей жогорку денгээлге жеткирүү. Бүгүнкү күнгө чейинки программабызда көрсөтүлгөн жеке жактарга өтүп кеткен бала бакчаларды кайтаруу боюнча жумуштар улантылат. Кошумча мектеп, бала бакчаларды куруу боюнча жумуштар алынып барылат.
- Той, мааракелерди жөнгө салуу. Акыркы учурларда айрыкча кафе, ресторандарда өткөрүлгөн той-мааракелер өзгөчө көйгөй болуп келет. Биздин сунушубуз кафе-ресторандардагы тойлор кечки саат 00 дөн кеч калбай башталып, саат 22.00 дөн кеч эмес убакытта токтотуу зарыл. Жогорудагы шартты аткарбаган кафе-ресторандын администрациясына жана той өткөргөн жарандарыбызга ар бирине 50000 сомдон айып пул чегерүүнү сунуштайбыз.
- Жаштар саясаты, жаштарды патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөө. Акыркы учурда жаштар арасында синтетикалык банги заттарга жана интернет аркылуу ар кандай терс көрүнүштөгү оюн-зоокторго аралашкан жаштарыбыздан саны өстү. Жогорудагыларды кыскартуу боюнча жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө каттуу көңүл бурулуп, чаралар көрүлөт. Жаштар арасында спорттук, маданий иш-чаралар уюштурулат.