«Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы! Нарын шаары үчүн
Урматтуу мекендештер, сүйүктүү Нарын шаарынын тургундары! Биз баарыбыз Жаңы Кыргызстанда жашап жатабыз, жана Жаңы Кыргызстандын өнүгүүсүн улантуудабыз! Биз жаңы, креативдүү, чечкиндүү жана реалдуу аракеттерди сунуштайбыз! Келгиле, баарыбыз биригип, Жаңы Кыргызстаныбызды дагы жакшы кылабыз! Мамлекеттин жалпы аракеттерин жана акыркы жылдарда болуп жаткан чоң өзгөрүүлөрдү колдоо үчүн, биз шайлоого чогуу аттанабыз. Биздин күчтүү талапкерлербиз — билим берүү, медицина, энергетика, жеке сектор, туризм жана башка маанилүү тармактардаги адистерден куралган. Нарын шаары — бул Кыргызстандагы эң бийик тоолуу аймактын административдик, экономикалык, маданий, инфраструктуралык, билим берүү жана туристтик борбору. Кыргыз элинин байыркы салттары жакшы сакталып калган шаарлардын бири. Биздин шаарды дагы жакшыртуу үчүн бирге аракет кылалы! Биздин шайлоо платформены негизги багыттары:
- Жергиликтүү деңгээлде адилеттүү, ачык-айкын башкаруу принциптерин ишке ашырууга көмөктөшүү, бюджетти майнаптуу жана ачык-айкын бөлүштүрү;
- Нарын шаарынын инфраструктуралык долбоорлорун сапаттуу ишке ашырууга көмөктөшүү;
- «Нарын 2040: Кенейтуу, Экономика, Имидж» концепциясын иштеп чыгуу;
- Шаардын негизги жолдорундагы көп жылдык жашыл чөйрөнү калыбына келтирүү жана ирригациалык системаны өнүктүрүү;
- «Нарын — этно-эко туризм» концепциясын иштеп чыгуу;
- Эл аралык кызматташтыкты күчөтүү, өнүгүү максатында жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен,
кеңири спектрдеги кызматташуу;
- Жаш дарыгерлерди, мугалимдерди жана маданият кызматкерлерин колдоону системага салуу;
- Шаарыбызда жалгыз жашаган, улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен системалуу иш алып барууну күчөтүү;
- Бардык курактагы жана калктын бардык катмарындагы адамдар арасында дени сак жашоо эрежесин жайылтуу;
- Энергияны үнөмдөө технологияларын жана кайра жаралуучу энергия булактарын турмуш тиричиликте колдонууну киргизүү.