Социал-демократтар саясий партиясынын кыскача шайлоо программасы
Биз Нарын шаары коммуналдык инфраструктураны тездетип реконструкциялоого жана коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө муктаж деп эсептейбиз. Биз шаардык Кеңеште төмөнкүлөргө умтулабыз:
- Мэриянын жаңы долбоорлоруна ойлонулган мамиле жасоо. Шаарды 300 гектарга кеңейтип, "Нарын Ордо" жана "Теңир-Тоо сити" шаарларын куруудан мурун, жаңы долбоорлор азыркы көйгөйлөрдү начарлатпашы үчүн суу менен камсыздоо, канализация жана тазалоочу курулмалар жана башка инфаструктуралык маселелерин чечүү зарыл.
- Суу менен жабдуу жана канализация системасын реконструкциялоону аяктоо. Шаардык саркынды суулардын Нарын дарыясына кирип жатканы туура эмес. Жана ошондой эле таза суу менен камсыздоодо жарылган түтүктөр сыяктуу каталарды болтурбоо үчүн курулуштун бардык этаптарында коомчулуктун катуу көзөмөлү талап кылынат.
- Таштанды полигонун жана таштанды чыгарууну тартипке келтирүү. Калдыктарды кайра иштетүү боюнча ишкана түзүүгө аракет жумшоо.
- Шаардагы мамлекеттик бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү жолдору.
- Нарындын борбордук көчөлөрүн гана эмес, бардык көчөлөрүн асфальттоо.
- Эски имаратты оңдоонун ордуна жаңы төрөт үйүн куруу.
- "Коопсуз шаар" программасын ишке киргизүү жана коомдук транспортту, анын ичинде чыгыш жана батыш кварталдарына каттамдарды жакшыртуу.
- Жумуш орундарын түзүү жана жумушсуздуктан улам жаштардын агылып кетүүсүн азайтуу үчүн чакан жана орто бизнести колдоо.