- Ноокат шаарынын айланасындагы канализациянын жоктугуна байланыштуу сыркынды сууларды сыртка чыгарып жиберүү боюнча жүргүзүү иштерин аягына чыгаруу.
- Ноокат шаарынын экономикасын көтөрүү үчүн кошумча булактарды издеп табуунун негизинде шаардын бюджетин көтөрүү.
- Ноокат шаарындагы турак үйлөрдү куруу үчүн жана канализация маселесин чечүү үчүн, Ноокат шаары менен чектешкен Мирмахмудов «Гулистан» «Караташ» Зулпуев айыл өкмөттөрүн бириктирүү зарыл.
- Ноокат шаарынын ичиндеги автоунаа жүрүүчү көчөлөрдү жана тротуарларды оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү жана жол белгилерин орнотуу.
- Ноокат шаары аркылуу биринчи категориядагы чоң жол өткөндүгүнө байланыштуу, шаарыбызды көркүнө келтирүү үчүн архитектуралык курулуштарды жана жашоо турак жайларын иретке келтирүү жана кооздоо.