Кара-Балта шаарында биз чече турган маселелер.
Инфрастуктура
Кара-Балта шаарынын суу жана канализация тармактар системасын реконструкциялоо. ЕБРР (Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы) тарабынан шаардын суу жана канализация системасынын реконструкциясы үчүн бөлүнгөн 5 000 000 евро суммасындагы каражаттын ачык-айкын сарпталышын өзгөчө көзөмөлгө алып, зарылдык болсо депутаттардын курамынан жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия түзөбүз;
КДС (колектордук-дренаждык система) – бул системаны забанбап тазалоодон өткөрүү – шаардын төмөнкү бөлүгүндөгү көйгөйлөрдү чечүү өтө зарыл;
Сапаттуу жана кенен унаа жолдорун этап менен куруу, ошондой эле ички, кичи жолдорду сапаттык кепилдиги менен жана нормативдердин сакталышы менен ремонттон өткөрүү;
Шаардык архитектуралык жана эстетикалык келбети – өзгөчө шаардын башкы көчөлөрүнө архитектуралык талаптарга туура келген бир өңчөй павильондорду орнотуу, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарт түзүү.
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу
Шаардык көрктөндүрүү жана таштандылардан тазалоо тандалма түрдө жүргүзүлүүдө, биз шаардын башка аймактарына да бирдей көңүл бурабыз;
Бак-дарактардын, сквер, парктардын аянтын көбөйтүп, мындай аймактарга курулуштардын курууга тыюу салабыз.
Социалдык тармак
Максатына ылайыксыз колдонулуп келген мурдагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарын кайра кайтаруу менен мектепке чейинки билим берүү макемелеринин тартыштык маселесин чечүү;
Физикалык маданият жана массалык жана балдар спортун өнүктүрүү, шаарга чакан спорт аянтчаларын куруу. Келечек муунду эмгекке, маданиятка, спортко жана патриоттуулукка тарбиялоо үчүн ар кандай балдар ийримдерин, клубдарын, секцияларын уюштуруу;
Бюджеттик тармактарда иштегендер үчүн социалдык турак-жай куруу, турак-жай сатып алуу же ижарага алууда бюджеттик колдоо көрсөтүү, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрүн турак-жай менен камсыз кылуу боюнча программа кабыл алуу маселесин көтөрөбүз.