“Жаштар” партиясынын социалдык-экономикалык программасы
БИЗДИН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫБЫЗ:
Чынчыл, эл алдында жоопкерчиликтүү шаар бийлигин куруу;
- Ачык-айкындуулук жана коррупцияга каршы күрөш;
- Бюджеттик каражаттарды сарптоо чечимдерин толук ачык-айкын кылуу;
- Шаардагы бардык ишканаларынын бюджеттерин, шаар мүлкүн сатуу, ижарага берүү шарттарын ачыкка чыгаруу;
- Турак-жай-коммуналдык чарба (ЖКХ), өзгөчө таза суу, жылуулук, канализация, саламаттык сактоо жана билим берүү кызматтарын жогорку сапатка көтөрүү жана аларды калктын бардык катмарларына жеткиликтүү кылуу;
- Бизнеске жагымдуу чөйрөнү түзүү, ички жана сырткы инвестициалдарды алып келүү менен жаңы ишканаларды ачуу, жана алардын эсебинен жаңы жумуш орундарын түзүү.
- Шаардын өнүгүүсүндөгү приоритеттерди тандоодо, негизги маселерди чечүүдө калктын түздөн-түз катышуусу;
- Албетте Президентибиздин, окмот башчыларыбыздын колдоосу менен.