«Ишеним» саясий партиясынын программасы
- Таш-Көмүр шаарынын аймактык экономикасын камсыз кылуу.
- Таш-Көмүр шаарынын бюджетин көбөйтүү, максаттуу түзүү жана максаттуу пайдалануу.
- Энергетикалык тармакты өнүктүрүү.
- Кен казуу иштерине ички жана сырткы инвестициялык климатты түзүү.
- Туризм тармагына шарттарды түзүү.
- Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү.
- Айыл чарба продукцияларын экспорттоо.
-Дартты аныктоо борборлорун заманбап техникалар менен камсыздоо жана иштетүүчү медиктердин билимин жогорулатуу.
- Маалымат массалык каражаттары, аймактык поликлиникалардын кызматкерлери, жергиликтүү башкаруу администрациясы аркылуу калк арасында дартты алдын алуу, туура тамактануу жана башка иш-чараларды уюштуруу.
-Экология-Адам-Ден соолук программасын ишке ашыруу.
- Таш-Көмүр шаарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылып акырына так чыгаруу, жаңы каралган долбоорду ишке ашыруу, таза суу булагын Күрп сай ГЭСтен тартуу.
- Таш-Көмүр шаарынын өнүгүшүнө канализацияны жана тазалоочу курулушун куруп ишке киргизүү.
- Таш-Көмүр шаарынын сел каптаган жерлерин ( Баетов, Центр, ДСР, Кичирайон, Токтогул, Аксы көчөлөрүн ) жөнгө салуу.
- Таш-Көмүр шаарынын ички жолдорун оңдоо (асфальттоо) жана сапаттуулугун катуу көзөмөлдөө.
- Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу.
-Кристалл заводундагы зыяндуу калдыктарды (Трихлорсилан, Тетрахлорид кремния, Дихлорсилан, Полихлорсилан) мамлекеттик деңгээлге көтөрүү жана жок кылуу. Тиешелүү чараларды көрүү.
-Таштандыда калган ишканаларды жөнгө салуу жана мамлектеттик деңгээлге көтөрүү (нан заводу, тамеки заводу, эт камбинаты, нефти базасы, көмүр кени, унаа базасы, завод кристалл, кийим тигүүчү фабрика, ЭМЦ, ШСУ, ж.б. ушул сыяктуу)
-иштебей калган базарларды жөнгө салуу жана кайра карап чыгуу.
-бала бакчаларды кайтаруу өз нугуна буруу.
-мугалимдердин билим берүүсүнө көңүл буруу жана көзөмөлдөө.
-авариялык мектептерди жокко чыгаруу жана жаңы мектептерди бала бакчаларды куруу.
-темир жол көпүрөсүн өңдөө, адамдар өткөнгө ыңгайлуу кылуу, чекелерин коргондоо, оңдоп түзөө.