Тарых алдында:

  Кыргызстан эгемендүүлүктү 1991-жылы 31-августта алган, ошондон бери татаал жол басып келүүдө. Элдин социалдык-экономикалык абалы жакшырбагандыктан үч ирет нааразылыктар болуп өттү (2005, 2010, 2020-жж.) 2020-жылдын октябрь айындагы нааразылыкта, негизинен, гүдөп-өскөн жана демократиялык мамлекетте жашагысы келген жаштар өзүлөрүнүн нааразылыктарын билдирип чыгышты. Өлкөбүздүн жаштары прогрессивдүү реформаны гана күтпөстөн, биздин сүйүктүү шаарыбыз Шамалдуу-Сайды эле эмес, кооз мамлекетибиз “Кыргызтанды”  “Бирге” көтөрүүгө активдүү катышууга даяр. Жер бетинде бейиш бар - бул Шамалдуу-Сай шаары, ал Нарын дарясынын жээгинде жайгашкан, ошого ылайык биздин кичинекей шаарыбыз туристерди, инвесторлорду тартуусу керек жана республикабыздын жагымдуу шаары болуусу керек.

Шаардын өнүгүүсүнүн негизги багыттары:

  • Заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү жана жайлуу шаар.
  • Социалдык багыты бар, маданияттуу жана креативдүү шаар.
  • Жагымдуу экологиялык чөйрөнүн шары.
  • Өздүк ийгиликтүүлүктү жана жашоочулардын компетенцияларын жаратуу үчүн шарт түзүү.

Максатка жетүү үчүн маселелер:

  1. Иш берүүчүлөр тарабынан коюлган талаптарга ылайык, жумушсуз жашоочуларды кесиптик даярдоо жана кайра даядоо программаларын жакшыртуу.
  2. Шаардын жана жакын жайгашкан айылдардын туристтик чөйрөсү өнүктүрүү.
  3. Социалдык тейлөө секторлорунда эл аралык уюмдардын иш аракеттерин өнүктүрүү. Социалдык чөйрөнүн курулуш объектилерин өнүктүрүү.
  4. Өздүк программаларды жана долбоорлорду ж.б. ишке ашыруу үчүн шаардыктардын заманбап окуу программаларын жайылтуу (өсүп келе жаткан муундар, жаштар, аялдар, карылардын жана ДМЧ жана  балдардын ДМЧ).
  5. Шаардыктардын жана ДМЧнын арасында спортту пропагандалоо «Ден соолугу жакшы адамдардын шаары, спорттун массалык өнүгүүсү баардык жаштагы адамдар үчүн».
  6. Шаардыктар жана шаардын меймандары үчүн коопсуздукту камсыздоо.
  7. Башка өлкөлөрдүн жана элдердин тажрыйбаларын жайылтуу.
  8. Жогорку муундагылардын тажрыйбаларын кабыл алуу, жаңы технологияларды жана идеяларды жайылтуу.
  9. Командалык дух жана бирдиктүү команда менен иштөө жана алдыга жылуу.

Бирдиктүү аракет, бири-бирибизге жардам берүү жана колдоо менен, башкача айтканда   «БИРГЕ- ВМЕСТЕ»  баарына жетебиз жана бул биздин партиянын негизги кредосу, принциптери.“Бирге” жасайбыз жана жаратабыз!!!!