Партиянын программасында артыкчылыктуу багыттар бул аймактарды өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугу, натыйжалуу экономика, ишкердикти жандандыруу, иш орундарын түзүү жана даректүү социалдык саясатты жүргүзүү.
- Девиз: Адилеттуулук үчүн!
“Адилет” саясий партиясынын Жалал-Абад шаарында өнүгүүгө карай койгон приоритеттүү багыттары:
- Дени сак улут ,дени сак жашоо
- “Жүрөгүндү сакта” долбоорун ишке ашыруу, Жалал-Абад шаарындагы поликлиникалардын имараттарынын абалын жакшыртуу, Жалал-Абад шаарындагы медициналык мекемелердин материалдык базасын жакшыртууга көмөктөшүү;
- Спортту колдоо, дени-сак жашоо образын пропагандалоо;
- Жаштарды, спортчуларга жакындан жардам берүү, Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептерге жаңы спорт залдарын жана аянтчаларын куру, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында спорт аянтчаларынын абалын жакшыртуу;
- Жарандардын коопсуздугу – “Жарык шаар” долбоору;
- Шаардагы көчөлөрдү таза, жарык жана коопсуз кылуу, көчөлөрдө видео көзөмөлдөрдү көбөйтүү, “коопсуз шар” долбоорун ишке ашыруу;
- Билим берүү жана маданият, жаштар саясатын колдоо;
- Шаардын айрым аймактарында жетишсиз болгон бала бакчаларды куруу үчүн инвестор тартуу менен же жергиликтүү бюджеттен каражат бөлдүрүү;
- Билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдерге жана тарбиячыларга жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүү, маданият тармагын колдоо жана жаштарга камкордук;
- Өндүрүштү жандандыруу, курулуш жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу;
- Шаарда токтоп калган өндүрүш объектилерин жандандыруу жана жаңы ишканаларды ачууга көмөктөшүү, Шаардагы айрым көчөлөрдү кеңейтүү жана жолдордун абалын жакшыртуу;
- Шаардагы айрым көчөлөргө суу жана канализация түтүкчөлөрүн тартуу;
- Шаардагы ирригация системасын калыбына келтирүү;
- Айыл чарбаны колдоо
- АТРдин негизинде шаар аймагына кошулган аймактарда дыйкандарды,фермерлерди тийиштүү заманбап айыл-чарба техникалары менен камсыздоо;
- Элдердин достугун жана ынтымагын чындоо;
- Ынтымак жана биримдик болгон убакта гана – көп улуттуу Жалал-Абад шаары ӨНҮГӨТ! Улуттар аралык ынтымакты сактоо.Биз биримдикте ган ӨНҮГӨБҮЗ!