• Кара-Көл шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарын демилгелеп көтөрүү.
  • Кара-Көл шаарынын казынасын көбөйтүү максатында, мамлекеттик- жеке өнөктөштүк ишканаларды түзүү.
  • Чет элдик жана жергиликтүү инвестицияларды тартуу.
  • Кара-Көл шаарындагы кылмыштуулукту жоюу, жол коопсуздук эрежелерин бузууну азайтуу, коомдук жайларда таштандыларды жок кылуу максатында, элдүү пункттарда, көчөлөрдө жана кайчылаш көчөлөрдө көзөмөл видео орнотуу.
  • Ташталуучу турмуш тиричилик таштандыларды сорттоп бөлүп таштоо, боюнча шаар тургундары жана жакын арада жайгашкан айыл тургундары менен түздөн-түз түшундүрүү иштерин алып баруу.

Бул төмөндөгүдөй натыйжаларды берет:

  • көчөлөрдүн жана коомдук жайлардын тазалыгы;
  • таштандыны кайрадан иштетүүчү ишканаларын түзүүгө көмөктөшүүсүнө.
  • Жаш Үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз болгон Үй-бүлөлөрдүн жана көп балалуу Үй-бүлөлөрдүн балдарын иш менен камсыздоодо кесиптиктик окуу жайларга окутууга жардам берүү.
  • Кара-Көл шаарындагы оорукана бөлүмдөрүн, мектептерди жана шаар тургундарына кызмат кылган социалдык обьектилерди оңдоп түзөөгө жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууга көмөктөшүү.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон шаар,айыл тургундарына, тегиз бирдей мамлекеттик жана социалдык жардам берилишине, туура көзөмөл жүргүзүү.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген шаар, айыл жарандарынын коомдук жайларда шарт түзүп берүү боюнча, суроо талаптарын шаардык деңгээлде канааттандырып берүү.
  • Кара-Көл шаарынын электр кубаттуулугу хетишпеген конуштарга электр шаймандарын орнотуу
  • Кара-Көл шаарынын коомдук жайларын жана

айлана чөйрөнү декоративдик бак-дарактар менен жашылдандырууну демилгелөө.