Жусупов Аширбай Бапович

1963-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраңайылында төрөлгөн, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы:

Билими:

1)  1989-жылы К.И Скрябин атындагы айыл чарба иститутунун Ветеринардык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

2)  1992-жылы Москвадагы К.И.Скрябин атындагы Ветеринария Академиясынын  жогорку курсун артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

3)  2008-жылы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин “Экономика жана ишканалар  факультетинин “экономист” адистигине ээ болгон.

Иш тажрыйбасы:

1989-1991-жылдары Фрунзедеги К.И. Скрябин атындагы институттун ветеринардык клиникасынын башчысы.

1991-1992 –жылдары Москвадагы К.И. Скрябин атындагы ветеринардык академиясында илимий кызматкер.

1992-1994-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институттун илимий кызматкери,

1996-2001 жылдары Бишкектеги “Баят” соода комплексинин башкы директору,

2001-2003-жылдары Чуй облусунун Аламүдүн районун ”Майский” айыл чарба кооперативинин төрагасынын орун басары

2003-2006 жылдары Жеке ишкер

2006 -2007 жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын өңдүрүштүк жана протокол бөлүмүнүн референти.

2007- 2012 - жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын алдындагы “Элита” мамлекеттик ишканасынын директору.

2012-2014 -жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы.

2014-2018 - жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Ветеринардык жана Фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директорунун орун басары - Кыргыз Республикасынын башкы ветеринардык инспектору,

2018-2020 - жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн малдын ден соолугу боюнча башкы консультанты болуп иштеген.

КР Мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси.

2013 жылы Япония мамлекетинде “JICA” компаниясынын каржылоосу менен тамак аш коопсуздугу боюнча атайын курсун өткөн.

2014-2015 жылдары Бүткүл дүйнөлүк “Эпизоотиялык бюронун” Кыргыз Республикасынын өкүл-делегаты (Париж- Франция).

2014 жылы Тамак-аш коопсуздугу боюнча - Кытай, Турция мамлекеттериндеги  инспекциялык топтун жетекчиси.

2015 жылы Кыргыз Республикасы ЖЭАБ нын мүчөлүгүнө кирүүдө, мыйзам актыларын иштеп чыгууда министрлик-ведомстволор комиссиясынын мүчөсү.

Илимий иштер

Айыл чарба- ветеринария тармагындагы 20 дан ашуун илимий эмгектердин ээси. Бир томдук ветеринария боюнча мыйзам–актылар жыйынын мүчө-автору,Майда-мал жандыктардын чума оорусунун диагностикалык жектекчемесинин автору. Япония, Германия, Дания, Грузия жана башка мамлекеттерде  Айыл чарба багытында иш тажрыйбасын өнүктүргөн.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Ветеринардык жана Фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын отличниги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын отличниги.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)