№1 Лейлек райондук шайлоо округу боюнча талапкер Имматов Ина Имматовичтин

шайлоо алдындагы программасы:

Лейлек округу үчүн жасаймын:

 Чек ара аймактарынын жашоочуларынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

  1. Чек ара аймактарынын жашоочуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана көтөрүп чыгуу.
  2. Мамлекеттик чек аранын бекемделишине көзөмөл жүргүзүү.
  3. Жаңы социалдык объектилердин, оорууканалардын, мектептердин, бала бакчалардын, курулушун жана буга чейин башталган социалдык объектилердин жана турак жай имараттарынын курлушунунун бүтүшүн көзөмөлдөө.

Өлкөнүн жарандары үчүн жасаймын:

 Жарандардын кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, укук коргоо жана сот, билим берүү системасын реформалоого көмөк көрсөтүү.

  1. Бардык мамлекеттик мекемелерде жана билим берүү мекемелеринде жаш адистерди социалдык коргоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  2. Чакан жана орто бизнес боюнча кредиттик пайыздык чендерди төмөндөтүү.
  3. Билимдүү жана келечектүү жаш адистердин өлкөдө да, чет өлкөлөрдө да, татыктуу эмгекке болгон укуктарын камсыз кылуу.
  4. Жашы улуу адамдар үчүн медициналык жана социалдык тейлөөнү жакшыртуу

     Урматым менен И.Имматов

ШТАБДЫН ДАРЕГИ: Исфана  шаары, Кошмуратов көчөсү №4

ТЕЛ.: (0774) 909095

Электрондук почтасы: leylek.pssi@bk.ru

  (Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)