
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Абдираимова Назгул Назыровнанын программасы:
Урааны: «Өнүккөн аймак – күчтүү мамлекет»!
- Лейлек аймагында туризмди жана ага тиешелүү болгон инфраструктураны өнүктүрүү;
- Турак жай шартын жакшыртууга муктаж болгон жарандарга үй куруу үчүн жер тилкесин берүүнү жеңилдетүү жана зарыл болгон аймактарда калктуу конуштардын территориясын кеңейтүүгө жетишүү;
- Өлкөбүздөгү кайрак жерлерге суу жеткирүү маселесин иликтөө жана тиешелүү структуралар менен иш жүзүнө ашыруу;
- Мамлекеттин социалдык-экономикалык турмушундагы Бюджеттик эмес фонддордун ордун белгилөө менен алардын өз алдынчалыгын камсыздоо;
- Социалдык төлөмдөрдү жашы 16 жашка чейин үзгүлтүксүз төлөө демилгесин көтөрүү;
- Төрөт үйүндө ымыркайларга акысыз сүт берүүнү жана энелер торолгончо төрөт үйүндө көзөмөлгө алууну уюштуруу;
- Элет жериндеги жумушсуз аялдарга кыска мөөнөттүү окууларды уюштурууну колго алуу жана иш менен камсыз кылуу;
- Жогорку жана атайын-орто билим берүү системин герман моделине кайтаруу;
- Жогорку жана атайын-орто билим берүү мекемелеринде окуу программаларын бирдиктүү мамлекеттик стандартка алып келүү;
- Мугалимдерди окуу куралдар менен камсыз кылууну мамлекеттик бюджеттен кароо;
- Кыргыз Республикасынын чек аралаш районунда жана шаарларында кредит берүү саясатында үстөк пайызды кыскартуу маселесин демилгелөө;
- Кыргыз Республикасындагы ипотека базарынын моделин өзгөртүү;
- Баткен областынын Лейлек жана Сүлүктү жергесин эркин экономикалык аймакка айландыруу;
- Ар кайсы мамлекеттик институттар тарабынан бирин-бири кайталоочу финансылык көзөмөлдөн арылуу.
Штабдын дареги: Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү №26-1
тел.: (0773) 522 – 497
Электрондук почта: nazgul.2022@list.ru
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)