
Өмүр баян
Мен, Салихов Кеңеш Каримович, 1961-жылдын 4-ноябрында Баткен районунун Самаркандек айылында, жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөнмүн. 1969-жылы мектепке окууга кирип 1979-жылы аяктаганмын. 1979-1983-жылдары Фрунзедеги орус тили жана адабияты педагогикалык институнда окуганмын.
Эмгек жолумду Самаркандек айылындагы А.Осмонов атындагы сегиз жылдык мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаганмын. 1983-1984-жылдары Баткен райондук комсомол комитетинде сектор башчы болуп иштегенмин. 1984-1986-жылдары советтик армиясында кызмат өтөдүм. 1986-1992 жылдары А.Осмонов, М.Салихов атындагы орто мектептеринде мугалим, директордун орун басары болуп иштегенмин.
1993-1997-жылдары Самаркандек сельпосунда эмгектендим.1997-жылдан 2010-жылга чейин Топ-Терек дыйкан чарбасынын мүчөсү болгонмун.
2010-жылы Баткен районунун мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис болуп иштедим. 2011-жылы Самаркандек айылындагы Мурат Салихов атындагы орто мектебине директор болуп дайындалдым. 2012-жылы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганмын. 2014-2019-жылдары Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп иштедим. 2019-жылдын август айынан 2020-жылдын апрель айына чейин КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматында иштегенмин.
2020-жылы Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектендим. Бүгүнкү күндө “Айыл аймактарын өнүктүрүү” коомдук бирикменин жетекчисимин.
Үй-бүлөлүүмүн, 4 балам, 5 неберем бар.
(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)