Кыргыз Республикасынын бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер  АБЫЛКАСЫМ уулу КАНАТБЕКТИН

 ШАЙЛОО ПЛАТФОРМАСЫ

 Билим берүү тармагы

  • Мектеп окуучуларына жана мугалимдерге билим берүүнүн бүгүнкү заманбап стандарттарын калыптандыруу үчүн бизде план программалар, ишке ашыруу механизмдери даяр. Болгону бул иш аракетти жогорку деңгээлде жүргүү гана жетиштүү.
  • Учурдун калеми жана дептери бул – жаңы технология, компьютер жана бул тармактагы башка техникалык базалар. Биз билебиз Баткен облусу борбордон чет жана алыскы аймак болгондуктан. Өзгөчө көңүл бурууга муктаж. Ошол себептен депутаттык милдеттин алгачкы кадамын ушул тармактан баштоону максат кылдык.
  • Дени сак жаштар дени сак өлкөнү курат. Баткендин жалпы жаштарын спортко тартуу үчүн керек болгон бардык иштерди аткарабыз. Спорт комплекстер, залдар, аянтчалар, булардын баарын жасоодо бир гана эрк жана жоопкерчилик жетиштүү. Биз бул ишти аткарууга толук шартыбыз бар.
  • Мугалим, агай эжейлердин эмгегин жогорку деңгээлдеги баалоо системасына чыгарабыз. Айлыктары гана эмес, ар бир эмгек күнүн күч органдарындай сыяктуу бир күнү эки күнгө эсептелчү мыйзам долбоорун сунуштайбыз.

 

Сациалдык жана саламаттыкты сактоо

  • Учурдагы ар бир материалдык колдоого муктаж үй бүлөгө бир гана мамлекет тарабынан эмес, эл аралык жана жергиликтүү донорлор аркылуу жетиштүү деңгээлде колдоо көрсөтөм.
  • Майыптыгы, жакырлыгы жана жетим жесирлиги бар жарандардын ар бири менен жекече иш алып барам. Заманбап жашоо стандартын камсыздоо менен коомдун аярлуу эмес алдыңкы катмарына чыгарууга болгон аракетимди жумшайм.
  • Ар бир айылдагы мед.пункттарды (ФАП.) замандын талабына ылайык шарттарды түзүү үчүн чет элдик кайрымдуулук уюмдар менен иштешем.

Өндүрүш жана экономика

  • Баткендин өрүктөрүн, күрүчтөрүн жана башка көп өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өзүбүдүн гана базарларда эмес, чет өлкөлөргө чыгаруу жолдорун уюштуруп. Дыйкандардын эмгектеринен жаралган азык түлүктөрдү жогорку баада сатылышына шарт түзөм.
  • Иштетилбей жаткан кең талааларга суу чыгаруу, тамчылатып сугаруу системаларын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик программаларды иштеп чыгып, аны ишке ашырууга толук шарттарды жаратабыз.
  • Тоо кендерин (көмүр, алтын, сурма ж.б.) иштетүүдө жергиликтүү Элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койуп. Эл менен мамлекет жана инвесторлор ортосундагы калыстыкты жөнгө салабыз..

Чек ара чырына чекит койуу.

  • Тез аранын ичинде коңшу өлкөлөр менен тынчтык жолу менен сүйлөшүп, мамлекеттин жана элдин талабындай шартта эл аралык деңгээлде маселе көтөрүп чечүү учурдун талабы.
  • Чечилген жана чектелген ар бир метр чек араны замандап тосмолор менен тостурууга бүтүндөй аракетимди жумшаймын.

Штабдын дареги: Баткен району, Самаркандек айылы Базар көчөсү

тел.: (0773) 13-62-21

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)