Кыргызстанды келечекте экономикасы бекем социалдык багытка басым жасаган өлкөгө айлантуу биздин максатыбыз. Өлкөбүздө инсандык жана экономикалык эркиндикти, толеранттуулук, айкөлдүк, тең укуктуулук, жеке жана мамлекеттик менчикти коргоо биздин приоритеттүү багытыбыз.

Мен, Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Баткен шайлоо округунан талапкер катары Жараткандын жана шайлоочулардын колдоосу менен парламентке шайланып келсем өлкөбүздө тынчтыкты сактоого, жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга жана өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого болгон күч аракетимди жумшайм.

Эгер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып калсам мен төмөндөгүдөй мыйзам долбоорлорун сунуштайм:

- Жарандарга, алгач Баткен аймагынын жашоочуларына социалдык жана башка кепилдиктерди камсыздоо;

- Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин көзөмөлдөгөн туруктуу комиссия түзүү аркылуу чек ара маселелерин чечүү;

- Азык-түлүк, кайра иштетүү өнөр-жайларын жана айыл-чарба өндүрүшүн өнүктүрүү;

- Кен байлыктарды өндүрүү тармагында ачык-айкын укуктук механизмдерди иштетүү;

Баткен облусу өлкөбүздүн алыскы аймагы эмес. Кыргызстан Баткен облусунан башталат!

"Парламент - жергиликтүү бийлик" формуласын кармануу менен депутат болуп шайланып калсам өлкөбүзгө сырткы жана ички инвестицияны тартып, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү. Баткен аймагынын жашоочуларына көп кабаттуу үйлөрдү, мектеп жана бала бакчаларды курдуруу башкы максаттарымдын бири.

Чакан программабызда өлкөбүздүн көйгөйлөрүн батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан формалдуу убадалардан баш тартып, биз чече ала турган жана биздин колубуздан келе турган эң маанилүү маселелерге гана токтолдум.

Өлкөбүздө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар өз максатына жетип, жарандарыбыз өз келечегин тандоодо жоопкерчиликтүү мамиле кылат деп ишенем.

Өлкөбүздүн келечеги баарыбыздын колубузда!

Штабдын дареги: Баткен шаары, Салихов көчөсү (номуру жок)

тел.: (0555) 29-99-69

Электронная почта: rajabaliev.nurlan@mail.ru   

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)